Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы коомдук тамактануучу жайлар текшерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарынын борбордук базарындагы коомдук тамактануучу жайларда тазалык талапка жооп бербейт. Мындай пикирин шаардык кеңештин депутаттарынан түзүлгөн соода, өнөр жай палатасы боюнча жумушчу топтун төрайымы Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлдөрү жана атайын кызматтардан түзүлгөн топ бүгүн, 1-февралда базардагы чачкынды соода жайларды жана эл тамактанган жайларды кыдырды.

«Эл окүлдөрү пландуу түрдө текшерүү иштерин алып бардык. Себеби борбордук базардагы баш аламандык жана тамактануучу жайлар боюнча эл арасында ар кандай нааразы пикирлер айтылып келет. Мындан улам базарком, базардын санитардык дарыгери, ӨКМден тиешелүү өкүл жана депутаттар текшерүүгө алдык. Анын жүрүшүндө пирожки жана самсы жасап саткан ишкерлер санитардык норманы сакталбагандыгы жана тамак жасаган жерде бут кийимдер турганы аныкталып, түшүндүрүү иштерин алып бардык. Аны менен катар базарда өз билемдик менен эл жүргөн жолчого чыгып, соода кылган бир топ адамдардарга да эскертүүлөрдү бердик. Бул боюнча атайын жумушчу топ жыйынтыгын чыгарып, аткаруу бийлигине сунуш-пикирлерди беребиз», — деди эл өкүлү Г.Кудайбердиева.

Ал эми Жалал-Абад шаардык өрткө каршы күрөшү кызматынын башчысы Каныбек Маматкулов базарда бир катар кемчиликтер бар экенин айтты.

«Жумушчу топтун мүчөсү катары биз да өрт коопсуздугу боюнча кароолорду жүргүздүк. Тилекке каршы биз кароо жүргүзгөн жайлардын баарында өрт коопсуздугу сакталган эмес. Тагырагы электр зымдары ачык, эптеп эле уланган. Биз өткөн 2022-жылы эки жолу базарда соода кылган ишкерлерге түшүндүрүү иштерин алып барганбыз. Бирок ошол кездеги кемчиликтер ушул мезгилге чейин жоюла элек. Мындан улам эч ким мурдагы жылдардагыдай өрт чыгып, соодагерлер миллиондогон чыгымга учурабайт деп кепилдик бере албайт», — дейт ал.

2022-жылдын октябрь айында аянты 3,5 гектарды түзгөн муниципиалдык базар курулган. Адна 1000е чукул соода жайдары бар. Анын курулушу үчүн шаар казынасынан 47 млн сом акча каражаты жумшалган. Ал арада калаа бийлиги 31-январда борбордук муниципиалдык базардагы баш аламан соода жайларын бузуп, андагы соодагерлерди жаңы курулган муниципиалдык базарга көчүрө баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE