Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы эң мыкты мугалим аталып, темир тулпар, Түркияга жолдомо уткан Максат Абилов менен маек

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда «Жылдын мыкты мугалими-2022» сынагында баш байгени жеңген 29 жаштагы Максат Абилов сынактын республикалык туруна даярданып жатат. Turmush басылмасынын кабарчысы мугалим менен маектешти.

Максат Адбилов Жалал-Абад шаарындагы мугалимдер арасында өткөн сынакта баш байгеге коюлган унааны утуп алган. Бирок азырынча унаа башкарганды билбейт. Учурда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окуп жатат.

«Өзүбүз Ош облусунун Өзгөн районунан болобуз. Советтер союзу мезгилинде атам шахтёр болуп иштеп, Жалал-Абаддын Көк-Жаңгак шаарына көчүп келип, отурукташып калдык. Кийинчерээк, биз мектеп курагына келгенде Жалал-Абад шаарына келдик. Үй-бүлөдө мен жана карындашым бар, атам өмүр бою шахтада иштеди. Ал эми апам китепканачы болуп жүрүп, бизди бакты.

2010-жылы калаадагы №4 мектепти аяктагам. Ошол жылдары элдин баары жумуш жок болгондуктан Россияга иштеп келүү үчүн кетишти. Мен да мектепти аяктап эле, иштеп келүү үчүн кетүүнү туура көрдүм. Бирок атам өзү окубай калганына өкүнөрүн, мигрант болуп иштеп каражат табуу убактылуу эле экенин айтты. Ушул сөздөн улам окуу жайга тапшырып калдым. Өзүм бала кезден эле дарыгер болууну самачумун. Медициналык окуу жайга барып, шартка байланыштуу өтпөй калдым. Мектепте химия сабагын мыкты өздөштүргөндүктөн Жалал-Абад мамлекеттик университетинин химия кафедрасына тапшырып, бюджетке өттүм. 2016-жылы окуу жайды аяктап, калаадагы №5 Б.Осмонов атындагы мектепте химия сабагынан мугалим болуп иштеп келе жатам», — дейт ал.

Өзүнүн айтымында, мектепке жаңы жумушка киргенде 23 жашта болчу. Алгачкы жылдары сабак өтүүдө абдан кыйынчылыктар болгонун эстеди.

«Ачыгын айтканда, мугалимдик кесептин өзү түйшүк. Күн мурунтан балдарга тапшырмаларды камдап, сабактын жадыбалын түзөсүң. Мен университетти бүтүп, мектепке келгенде 23 жашта элем. Ошол учурда бир калыпка түшө албай, абдан кыйналгам. Ушул кезге чейин бир окуя эстен кетпейт. Алгачкы сабагым эле, класска кантип кирип, балдарга эмне деп суроо берем, кыскасы сабактын өтүү тартибин баштан аяк өз сөзүм менен баракка жазып, түнкү саат 2-3кө чейин жаттап чыккам. Эртеси мектепке барып, сабак башталганда окуучуларды көрүп, эмне деп сүйлөрүмдү унутуп калгам. Айлам кетип, балдар менен көнүгүү жасап акырын сабактын ыгына түшкөм.

Химия сабагы так илимдердин катарына киргендиктен аны балдарга түшүндүрүп, аларга жеткиликтүү сабак өтүү кыйын. Негизи химиясыз жашоо жок, ошону теорияга караганда практика менен түшүндүрүп берсе, балага сиңимдүү болот. Биздин мектепте реакция жүргүзүүгө бардык шаймандар жетиштүү. Ошондуктан бизге — педагогдорго сабак өтүү бир кыйла жеңил», — деди ал.

Максат Абилов «Жылдын мыкты мугалими» сынагына катышып, баш байгени камсыздап, Жалал-Абад шаарынын мэринин колунан унаанын ачкычын алган. Ал бул сынакка катышууну өткөн жылы пландаганын айтат.

«Мектептеги окуучулар менен эл аралык уюмдарга долбоор жазып, камера утуп алганбыз. Билим уябызда кандай саамалык болсо ,камерага тартып, мектептин тарыхы үчүн сактап коём. Өткөн жылы да «Жылдын мыкты мугалими» кароо-сынагы болгондо шаар мэри Эрнисбек Ормоков кийинки жылы ким жылдын мугалими болсо, баалуу белек берилерин айткан. Аны мен иш-чарада оператор болуп жүрүп угуп калгам. Ошондо максат коюп, кийинки жылы мыкты мугалим мен болом дегем. Быйылкы жылы эмгек жамааттын колдоосу менен сынакка катышып, баш байгени камсыздап, унаа белекке алдым.

Ачыгын айтканда, жеңишке жетүү мага оңойго турган жок. Себеби мугалимдердин баары тажрыйбалуу жана күчтүү экен. Ушул мезгилге келип унаа айдап көргөн эмесмин. Негизи унаага көп деле кызыга бербейм. Ушул тапта айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окуп жатам. Алдыңкы күндөрү унаамды айдайм», — дейт педагог.

Максат Абилов «Жылдын мыкты мугалими» сынагынын облустук турунун да жеңүүчүсү болуп, Түркиянын Анталия шаарына эс алууга жана сынактын республикалык туруна катышууна жолдомо алды. Ал алдыдагы 3 айда сынактын республикалык туруна даярданып, Жалал-Абад облусунун намысын коргоону пландап жатат.

Жаш мугалим үй-бүлөлүү, анын 1 уул, 1 кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE