Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы бейтапкананын имараты 155,9 млн сомго курулууда. Ак халатчандарды түйшөлткөн жагдай

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын курулушунун кечигиши ак халатчандарды убайымга салып жатат. Бул тууралуу аталган медициналык мекеменин башкы дарыгери Анара Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жамааты 2022-жылдын декабрь айында башка имаратка көчүрүлгөн.

«Өткөн жылдын декабрь айында шаардагы Эркиндик көчөсүндө жайгашкан эски имаратыбыз бузулуп, кызматкерлер шаардын Жусупбек Бакиев көчөсүндөгү 3 кабаттуу имаратка көчкөнбүз. Бул жай медициналык мекемеге ылайыкташып курулбагандыктан коридорлор тар болуп, бейтаптарга ыңгайсыздык жаралып жатат. Ошондой эле кабинеттердин жетишсиздигинен улам бир кабинетте экиден дарыгер отуруп, бейтап кабыл алган учурлар болот. Андан сырткары өткөн жылы кыш мезгилинде жылуулук боюнча кыйынчылык жаралган. Быйыл кышта кабинеттерди электр меши менен жылытабыз деп турабыз. Өзүбүздүн имараттын курулушу эртерээк аягына чыкса жакшы болмок», — деди Алымкулова.

Ал учурда аталган имаратта 100дөй дарыгер иштеп жатканын, УЗИ жана рентген аппараттары, аналыз чыгаруучу аппараттар тар бөлмөлөрдө иштетилип жатканын кошумчалады.

Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Таалайбек Үзенбаевдин маалыматы боюнча, бейтапкананын жаңы имаратынын курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык баасы 222 млн 574 миң 505 сомду түзөт. Ушул тапта курулуштун пайдубалы түптөлүп, биринчи кабаты толук курулуп бүттү. «Дамак Строй» жоопкерчилиги чектелген коому тендерден 155 млн 936 миң 213 сомго утуп алган.

«Бул курулуш республикалык бюджеттен каржылангандыктан акча каражаты которулганда гана иш жүрүп жатат. Ошондуктан курулуш качан аяктап, колдонууга берилери тууралуу так маалымат жок», — деди Узенбаев.

№1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери калаадагы 20 миңден ашык калкка медициналык кызмат көрсөтөт.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Дамак Строй» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Беделов Бакыт Рустамович, түзүүчүлөрү — Расулбеков Мирбек Расулбекович, Беделов Бакыт Рустамович. Компания 2020-жылы 28-октябрда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE