Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда «Мерседести» чимирилте айдаган айдоочуга айып салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында автоээнбаштык жасаган айдоочу табылып, айып пул салынды.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, окуя «Жалал-Абад» курортунун кире беришинде болгон. Айдоочу жолдо «Мерседес» үлгүсүндөгү унааны чимирилте айдаган. Автоээнбаштыктын видеосу социалдык тармакка тарагандан кийин айдоочу табылды.

Унаа ээсине 15 миң сом айып пул салынды.

Укук бузуулар кодексинин 189-беренеси. Автоээнбаштык

1. Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочусунун коомду урматтабаганын ачык эле билдирген, жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракети — жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жыл ичинде кайталанып жасалса — транспорт каражатын башкаруу укугунан 6 айлык мөөнөткө ажыратууга алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE