Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда кызмат учурунда каза болгон милиционерлерге арналып айкел тургузулду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 16-майда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын имаратында кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерине арналып тургузулган айкелдин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага Жалал-Абад ОИИБдин өздүк курамы, ички иштер органдарынын ардагерлери, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жубайлары жана жакындары катышты. Эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, куран окулуп, каза болгон кызматкерлер эскерилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматтык милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарууда каза болгон кызматкерлер эч качан унутулбай тургандыгы белгиленди. Алардын жасаган эрдиктери келечек муундарга дем берери, жаш кызматкерлерге үлгү болору айтылды. Мындан сырткары республиканын ар кайсы аймактарында каза болгон кызматкерлердин жаркын элестерине арналып өткөрүлгөн спорттук мелдештерде байгелүү орундарды камсыз кылган кызматкерлер сыйланышты.

Буга чейин Жалал-Абад ШИИБдин, ЖКККБнын кызматкерлери каза болгон кызматкерлердин үйлөрүнө барып, үй-бүлө мүчөлөрүнө матераилдык колдоо көрсөтүштү.

  • Жалал-Абад облусунда 1954-жылдан тартып кызмат учурунда 32 кызматкер каза болсо, анын ичинен 16 кызматкер кылмышкерлердин колунан каза тапкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE