Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда ит-мышыктарга арналган төшөнчү тигилип, чет өлкөлөргө жөнөтүлүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарындагы тигүү цехинде акыркы 2 жылдан бери үй жаныбарларына ылайыкталган төшөнчү тигилип жатат.

Тигүү цехинин технологу Тахмина Вахапованын айтымында, ит-мышыкка ылайыкталып тигилген төшөнчүлөр Казакстан, Россия, Беларусь мамлекеттерине экспорттолот. Жакында Түштүк Америкадан буюртма түшүп, кардар айткан төшөнчү тигилип жөнөтүлдү. Тигилген буюмдар негизинен экспорттолгон үч өлкөнүн зоологиялык дүкөндөрүнө жөнөтүлөт. Эки жылдан берки туруктуу кардарлары бар.

«Күчүктөргө, иттерге, мышыктарга өздөрүнө жараша өлчөмдө тигебиз. Ар кандай түстө тигилет. Мышыктар ургаачы болсо, кызгылт түстөн буюртма бергендер көп эле болот. Эгер мышык эркек болсо, күрөң түскө буюртма беришет. Негизинен жашыл, күрөң, кара, боз түстөрдөн жасалат. Казакстан, Россия, Белоруссия мамлекеттериндеги зоологиялык дүкөндөр менен иштешебиз. Мүмкүн болушунча таза кездеме, пахта менен жасап бергенге аракет кылабыз. Анан да синтетика аралашкан болсо, мышык аллергия болгон учурлар болот экен. Ошондуктан бул жагдай да эске алынат. Бул кардарлардын талабын эске алуу десек болот.

Ал тарапта итти да үй шартында багышарын билебиз. Колго үйрөтүлгөндүктөн тигилген буюмдарды алар өздөрүнүн жатуучу жери катары кабыл алышса керек. Мисалы, биздин үйдө да мышык бар. Атайын төшөнчү тигип, сыртка коюп койгом. Каалаган убакта, айрыкча кыштын күндөрү ошол төшөнчүгө акырын кирип жатып алат», — дейт ал.

Технолог белгилегендей, ит-мышыктарга ылайыкташкан буюмга буюртмалар өзгөчө кыштын күндөрү көп болот. Эң көп 3 миң даанага чейин буюртма беришет.

Тахмина Вахапова үй жаныбарларына төшөнчү тигүүнү Россия Федерациясында иштеп жүргөндө үйрөнгөн. Ал 2 жылдан бери калаадагы «Иман» цехинде технолог болуп иштеп келет. Цехте дайыма 5-6 тигүүчү отурат. Ар бири өз жумушуна жараша маяна алышат. Жылдын 4 мезгилинде тең буюртма түшөт. Цехте тигилген төшөнчүлөрдү кир жуучу машинада да жууса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE