Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда бир жылда төрөттөн 6 эне көз жумган. Өлүмдүн себептери айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда бир жылда төрөттөн 6 эне көз жумду. Бул тууралуу 2022-жылдын жыйынтыгы чыгарылган коллегияда маалымдалды.

Маалыматка караганда, Токтогул районунда 2, Ноокен районунда 1, облустук төрөт үйүндө 3 эненин өлүмү катталган.

Өлүмдүн себептери:

— преэклампсиянын оор түрүнөн 1 учур;

— сепсистен 1 учур;

— кан кетүүдөн 1 учур;

— жүрөктүн кемтик оорусунан 1 учур;

— өпкө артериясынын тромбоэмболиясынан 2 учур.

Ар бир эненин өлүмү райондук жана облустук саламаттыкты сактоо маселелери боюнча координациялык комиссиянын, облустук штабдын отурумдарында талкууга алынып, кемчилик кетирген адистерге тиешелүү дисциплинардык чара колдонулган. Эненин өлүмүнүн алдын алуу боюнча иш-аракеттерди алып баруу райондук мамлекеттик администрацияларга, шаардык мэрияларга жана саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчилерине милдеттендирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE