Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарында эмгекке тартылган, жашы жете элек 15 бала аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарындагы «Эмгек-өспүрүм» рейдинин жүрүшүндө эмгекке тартылган жашы жете элек 15 бала аныкталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, рейд Социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулган.

«Коомдук жайларда, дүкөндөрдө, унаа жуучу жайларда жана оор жумуш менен алектенген башка жайларда иштеп жаткан өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукту жана ар кандай кырсыктарды алдын алуу максатында пландуу рейд өттү. Анын жайынтыгы менен ишке тартылган 15 бала аныкталып, алардын ата-энелери чакыртылып, тиешелүү чаралар көрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад шаарында ар ай сайын милиция жана прокуратура кызматкерлери тарабынан жашы жете элек балдардын эмгекке тартылуусу боюнча рейддер байма-бай уюштурулуп келет. Анда КРнын Укук бузуулар кодексинин негизинде балдардын ата-энелерине түшүндүрүү иштерин алып баруу жана айып пул салуу менен гана тим болушат.

  • Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 102-беренесинин (ата-энелик милдеттерден качуу) 1-пункту: 16 жашка чейинки курактагы баланын ушул Кодексте жоопкерчилиги каралган укук бузуулардын белгисин камтыган жосундарды жасоосуна алып келген ата-энелердин же аларды алмаштыруучу адамдардын балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы – жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE