Пример HTML-страницы

Жаңы жылдан тарта Ош шаарында таза суу үчүн төлөм кымбаттайт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында таза жана саркынды сууларга болгон төлөмдөрдүн баасы көтөрүлөт. Тиешелүү токтомду шаардык кеңеш 2022-жылы 27-сентябрда кабыл алды.

  • Учурда таза сууга болгон төлөм 5,31 сомду түзөт.

  • Акыркы жолу тариф 2021-жылы жогорулатылган.

Ош шаардык кеңешинин токтому:

1. Ош шаарында калктын таза жана саркынды сууларга болгон төлөмдөрүнүн баалары ичүүчү сууга 1м3 үчүн 6 сом 88 тыйын, саркынды сууларды кабыл алуу жана тазалоого 4 сом 20 тыйын өлчөмүндө бекитилсин.

2. Калктын таза жана саркынды сууларга болгон төлөмдөрү 2023-жылдын 1-январынан баштап жаңы баа боюнча жүргүзүлсүн.

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин жана «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2022-жылдын 9-августундагы «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларына (тарифтерине) макулдук берүү жөнүндө» №4 буйругунун негизинде Ош шаарынын вице-мэри С.Жунусбаевдин маалыматын угуп жана талкууланды. Шаардык кеңештин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 1-сентябрындагы №9 чечими, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштар эске алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE