Пример HTML-страницы

З.Акматовдун тайгандары бир кышта 20 чакты жырткыч жаныбарларды жок кылган

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Чүй районуна караштуу Мээнеткеч айылынын 36 жаштагы тургуну Замир Акматов 4 жылдан бери кыргыз тайгандарын багып келет.

Өзүнүн айтымында, тайгандары 2022-жылдын декабрь айынан 2023-жылдын февраль айына чейин 20 чакты жырткыч жаныбарларды жок кылган.

«Жылкы адамдын канаты» деп айтылат эмеспи. Айылда жашаган ар бир жигиттин короосунда бирден ат байланып турат. Анткени айылдарда жума сайын «Аламан-шерине» аттуу улак оюн өтөт. Менде да айгыр бар. Досторум менен бирге ат оюндарына барып, катышып турам. Буга чейин тайганым жок болчу. Бир жолу кыш мезгилинде айылда тайган баккан инилеримдин бири 3 тайган ээрчитип, ат минип жүрүптүр. Мен дагы атымды минип, экөөбүз аң уулоого чыктык. Ошондо тайгандын олжону издегенин, күлүктүгүн, эр жүрөк, тайманбастыгын көрүп суктандым. Менин көзүмчө эле бир чөөнү желкесинен тиштеп алды. Эми ошол көрүнүштү сөз менен айтып жеткире албайсың. Ошентип тайганга болгон кызыгуум пайда болду. Айылга барганда баягы иним тайгандын кара күчүгүн белек кылып берди. Анда ал 4-5 айлык болчу. Азыр 4 жашта. Каймана аты Айкуш. Бул болсо Тоӊ районунда өткөн салбуурунда 1-орунду, 2022-жылы Нооруз майрамынын урматына өткөн салбуурунда 2-орунду алды. Ошентип былтыр 50 миӊ сомго Тапан аттуу дагы бир тайган сатып алдым. Тапан болсо Эгемендүүлүк күнүнө карата Чуӊкурчак жайлоосунда өткөн эл аралык салбуурунда 1-орунду жеӊип алды. Азыр үйдө 4 тайганым бар. Эӊ кичүүсү 8 айлык Басар аттуу тайган. Быйыл кышында мылтыксыз эле аӊ уулоого чыгып, тайгандарым 18 чөө, 2 түлкү алышты. Ошол чөө, түлкүлөр мал-жандыкты, үй канаттууларды жеп кеткен. Карышкырга дагы аӊ уулоого чыгып турам», — деди ал.

Каарманыбыздын билими жогорку. Учурда Англияда эмгектенип жатат.

«Билимим жогорку, Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетин бүткөм. Жубайым экөөбүздүн үч кызыбыз бар. Учурда убактылуу Англияда эмгектенип жатам. Жакында Кыргызстанга барып, Салбуурун федерациясынын өкүлдөрү менен кыргыз тайгандары боюнча иш алып барабыз. Келечекте ушул таза кандуу кыргыз тайгандарын өнүктүрүп-өстүрсөм дейм. Дагы бир баса белгилеп кетчү нерсе, ушул тапта өлкөбүздө көптөгөн тайганчылар пайда болду. Бирок, арасында тайган менен башка породадагы иттерди кошуп салышууда. Бирок, алар чуркаганы, алгырлыгы жана эр жүрөктүүлүгүнөн таза кандуу тайгандардан айырмаланып калат. Андай тайгандар карышкырга тиш сала албайт. Кыргыздын таза кандуу тайгандары из менен олжону кууп, акырында кармап келет», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE