Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү «Ак-Суу» өндүрүштүк кооперативи боюнча бир топ жарандар кайрылуу жасашты

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылында жайгашкан «Ак-Суу» өндүрүштүк кооперативинин мүчөлөрү өздөрүнө тиешелүү үлүштөрүн ала албай жаткандыгын айтып, АКИпресс-Ысык-Көлдө маалымат жыйын беришти.

Алардын атымында, союз учурунда «Ак-Суу керек-жарак союзу» болгон. Эгемендүүлүк алган кездеги жетекчи менен мүчөлөр соттошуп, утуп, 2007-жылы «Ак-Суу» өндүрүш кооперативи болуп түзүлгөн. Анда 500гө чукул мүчө болгон. Кооперативге тиешелүү кеңсе имараттары, күнөскана, дүкөндөр, ашканалар жана кампалар болгон. Мүчөлөргө үлүштөрү бөлүнүп берилип, 11 киши кайра каттоодон өтүп, кооператив түзүлгөн. Мүчөлөр арасында талаш жаралып, сот иштери 2010-жылдан бери уланууда.

«2009-жылы 11 киши гана мүчө катары калып, Юстиция министрлигинен каттоодон өттүк. Биз сүт иштетүү багытын колго алсакпы деп сүйлөшүп калдык. Бирок убакыт өтүп, имараттар эскерип баратты. Мен курулушу бүтө элек бир объект сатып алдым. Ошол кезде арабыздагы Т.Т. «мен да мүчөмүн. Үлүшүмдү бербейт жатат» деп сотко берди. Биз соттошуп жатып, 2020-жылы уттук. Биз сотто жүргөндө жетекчилер “Боз-Учук” сельпо менен жыйын өткөрүп, аларды кошуп, бизди мүчөлүктөн чыгарышкан экен. Ал жерде биздин атыбыздан жетекчи өз колу менен арыз жазыптыр. Анда «өз каалообуз менен мүчөлүктөн кеттик» деп турат. Бул боюнча соттошуп отуруп, Жогорку соттон 2023-жылдын 31- январында утуп алдык. Ошол эле күнү жаңы жетекчи шайлашып, Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп алышыптыр. Учурда жетекчи Жана Исаеева имараттарды сатып, бузуп жатат.

Бул боюнча прокуратурага, милицияга, Юстиция министрлигине кайрылдык. Юстиция министрлиги кимде мөөр, портокол болсо эле каттай беребиз дейт. А биз барсак бербейт. РИИБ башчысы кабинетинен чыгарып салышты. Баардык кызматтарга кайрылганыбыз менен карап бербей жатышат. Ушуну мыйзамдуу карап берүүңүздөрди суранабыз. Сот учурунда арестке калынган кызыл китептер азыр булардын колунда экен. Аларды кандай жол менен алышыт?” — дейт Анарбек Узаков.

Кооперативге тиешелүү имараттарда социалдык жактан муктаж адамдар жашап келгенин жана аларга учурда кысым болуп жатканын Гулипа Урсеитова айтты.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич биздин мүчөлөрдүн үлүшүн карап берүүңүздөрү өтүнөм. Анткени имараттар такыр талкаланып калбоо үчүн оңдоп-түздөп, социалдык жактан муктаждар жашап жаткан. Алардын ичүүчү суусун, электр жарыгын өчүрүп чыгарып жатат. Ошондой эле “прокуратурада таанышым бар, колуңардан эч нерсе келбейт” деп жатат. Ал бул жакка эч кандай тиешеси жок жаш кыз. Соттун чечимине карабай, имараттарды бузуп, ошол жерде жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөнү чыгарып салды. Балдарыбызга чейин асылып сабап жатат. Мен ошол жерде өмүр бою жашаган адаммын. Балдарыма жана мага үлүшүбүздү бербей келет», — дейт Г.Урсеитова.

Жыйынга келген дагы бир катышуучу Гулнара Урсеитова үлүшүнө тишелүү имаратты алууга 80 миң сом бергенин айтып, бирок акчасын дагы имаратты да бербей койгон. Кийин мүчөлүктөн да чыгарып салгандыгын айтат.

Нааразы тараптын кайрылуусу менен Ак-Суу райондук сотунда 24-августта кезектеги отуруму өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE