Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө жол күзөтчүлөр окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүп жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдө жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатындагы иш-чаралар улантылууда.

Окуучулардын кышкы каникулу аяктап, окуу күндөрүнүн башталышы менен облустук ЖКККБнын кызматкерлери окуучулардын коопсуздугу үчүн күнүгө эртең менен балдар сабакка келген учурларда, автоунаа жол жээктерге жана шаар-райондордун борбордук чоң көчөлөрүнө жакын жайгашкан мектеп окуу жайларынын айланасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында кызмат өтөшүүдө.

Ошондой эле ЖКККБнын кызматкерлери өздөрүнө бекитилген мектеп окуу жайларында окуучуларга жолдо жүрүү эрежелерин үйрөтүү боюнча сабактарды өтүшүп, көчө-жолдордон өтүү тартиптери боюнча кеңири түшүнүктөрдү беришүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жалпы ата-энелерден жана мугалимдерден окуучулардын коопсуздугу үчүн көчө жолдордон өтүү боюнча жолдо жүрүү эрежелерин үйрөтүп турууну суранат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE