Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө жашы жете электерге спирт ичимдиктерин жана тамеки заттарын сатпоо эскертилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл РИИБдин балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери сатуучуларга 18 жашка чыга элек жарандарга алкоголдук ичимдиктерин жана тамеки заттарын сатууга жол берилбестиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Мындай иш-чаралар Чоң-Сары-Ой айылдык округунда өтүп, анда милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөр менен жолугушуу өткөрүштү. Алар менен спирт ичимдиктерин ичүүнүн жана тамеки тартуунун зыяндуулугу боюнча маек болду. Ошондой эле айыл округундагы алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки заттарын саткан дүкөндөр боюнча алдын алуу рейддери өткөрүлдү. Милиция кызматкерлери сатуучулар жана соода жайларынын ээлери менен баарлашып, жашы жете электерге спирт ичимдиктерин жана тамеки заттарын сатууга тыюу салынганын эскертишти.

Мындай рейддердин жүрүшүндө тартип сакчылары сатуучулардын көңүлүн пиво, алкоголдук, алкоголу аз ичимдиктерди, же тамеки заттарын сатууга 18 жашка чыккан адамдарга гана уруксат берилерине, ал эми зарыл болгон учурда паспортту же сатып алуучунун жашын тастыктаган башка документтерди көрсөтүүнү талап кылуусун түшүндүрүштү.

Соода же коомдук тамактануу кызматкерлеринин пивону, алкоголдук, алкоголу аз ичимдиктерди жана тамеки буюмдарды сатуу эрежелерин бузуусу айып салууга алып келерин милиция кызматкерлери эскертишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE