Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө тартылган видео интернетке тараган соң, эртеси айдоочуга 15 миң айыпка жыгылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарында автоээнбаштык жасагандыгы үчүн айдоочуга 15 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

16-март күнү социалдык тармактарда видео тарап, «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Каракол шаарынын №11 мектеп-гимназиясынын жанында автоээнбаштык кылып, кетип калганы маалымдалган.

Бул факт Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын инспекторлоруна кабарланып, айдоочунун өздүгүн аныктоо жана аны жоопкерчилкке тартуу боюнча тапшырмалар берилген.

17-март күнү милиция кызматкерлери мектептин жанында автоээнбаштык кылган айдоочунун өздүгүн аныктоого үлгүрүштү. Ал Каракол шаарынын 22 жаштагы тургуну Ш.С. болуп чыкты.

Айдоочуга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренесинин (автоээнбаштык) негизинде протокол түзүлүп, 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айдоочунун унаасы айып төлөнүүчү жайга токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE