Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө майрам күндөрү мас абалда унаа башкарган 55 айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushМай айындагы майрамдык иш-чараларга карата Ысык-Көл облусунун аймактарында жол кырсыктарын алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлдү. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө 1-майдан 11-майга чейинки эс алуу күндөрү жол эрежелерин бузган 1418 айдоочу аныкталып, протоколдор түзүлдү. Анын ичинен 55 айдоочу мас абалда автоунаа башкарып жүргөн жеринен кармалды.

Жалпы түзүлгөн протоколдордун ичинен жол эрежелерин бузгандыгы үчүн салынган айыптарды төлөбөй жүргөн 51 айдоочу атайын электрондук планшеттердин жардамы менен аныкталып, автоунаалары айып короолорго токтотулду. Ошондой эле ылдамдыкты ашырып айдаган 400, жол белгилерине баш ийбеген 115, мамлекеттик белгиси жок автоунаа башкарган 3, автоунааны уруксатсыз жасалгалап алган 3, автоунааны тиешелүү документтери жок башкарган 57, автоунаа айдоого укугу жок 7, адамдарды ташуу эрежелерин бузган 6 айдоочу жана жол эрежелерин бузган 45 жөө жүрүүчү катталды. Жалпы 131 автоунаа айып короолорго токтотулду.

Мындай жол кырсыктарын алдын алууга багытталган рейддик иш-чаралар облус боюнча маал-маалы менен уюштурулуп, өткөрүлүп турмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE