Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө эң жаш депутаттын кармалышы эмне менен аяктады? (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

Turmush12-октябрда Каракол шаардык соту депутат Манасбек Каныбековго карата өкүм чыгарды.

Каракол шаардык сотунун 2022-жылдын 12-октябрындагы өкүмү менен К.М.К. Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда (адамдардын тобу тарабынан жасалган бейбаштык) көрсөтүлгөн кылмыш курамы жок болгондуктан акталган.

  • Үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин эч жакка кетпей туруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге өзгөртүлдү.

Буга чейин Turmush басылмасы Каракол шаардык кеңешинин депутаты бейбаштык боюнча кармалгандыгын жазган.

Маалым болгондой, Каракол ШИИБге үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде 19 жаштагы жергиликтүү тургун А.А. кайрылып, 7-апрелде түнкү саат 03:00 чамасында шаардагы түнкү клубдардын биринде мурда тааныш болгон «Чуба» жана «Дани» аттуу эки жигит эч себепсиз сабап салышканын билдирген. Жабырлануучунун айтымында, аны «Чуба» аттуу жигит тапанча менен коркутуп, бут тарабына ок чыгарган. Ошол эле маалда «Дани» аттуу экинчи жигит муунтуп, сабап, денесине залал келтирген.

Арыз Каракол ШИИБ тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири Каракол шаарындагы лыжа базасынын аймагында кармалган. Ал Каракол шаардык кеңешинин 27 жаштагы депутаты К.М. («Бирге» партиясынан) болгон. Шектүүнүн жеке унаасын тинтүү учурунда белгисиз үлгүдөгү тапанча жана жергиликтүү кеңештин депутатынын мандатын тастыктаган күбөлүк алынган.

Алынган куралдын үлгүсүн аныктоо үчүн соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган.

Шектүү К.М. күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Шектүүнүн инициалы «Бирге-Вместе» фракциясынын депутаты Каныбеков Манасбек Каныбековичке туура келет. 2021-жылы Turmush басылмасы Каныбеков эң жаш депутат болгондугун жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE