Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдүн тургуну сейрек кездешүүчү алп жырткычты жакындан жолуктурду. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жергиликтүү тургун ак илбирсти жолуктурду.

«Эңилчек айылынан анча алыс эмес жерде ат менен кетип бара жаткам. Бир маалда жанымдагы иттерим менден ашып, алдыда чуркашты. Анан үрүп калышты. Алар чоң жапайы жырткычка жолуккандай ачуулуу үрүп жатышты. Аларга жакыныраак барсам, иттер ак илбирске үрүп жатышкан экен. Ал эми ак илбирс иттен да, адамдан да коркпогондой түр көрсөттү. Чоң жырткыч өзүн үй мышыгындай алып жүрдү. Жардын боору менен жогору баратты. Эч жакка шашкан жок.

Ак илбирсти жакындан көрүү үчүн ага жакыныраак бардым. Андан кийин иттерди чакырып, андан ары жолумду уладым. Ал маалда ак илбирс жардын боорунда калган. Андан соң аны көргөн жокмун», — деди жергиликтүү тургун.

  • Ак илбирстер Кызыл китепке кирген жаныбар. Алардын саны дүйнө жүзү боюнча 7 миңге жакын. Алар жылына 2 жолу төлдөйт. Көбүнчө экиден тууйт. Булар табиятта 13 жылга чейин жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE