Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдүн борборунда 26,3 млн сомго курулган заманбап китепкана

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарындагы алгачкы инновациялык борбордун курулушунун 97 пайызы бүттү.

Каракол шаардык мэриясынын маалыматы боюнча, курулушка каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Учурда имараттын айланасына таш таман төшөлүп жатат.

«Ичиндеги эмеректерге тендер жарыяланды. Эмеректер келсе, китепкана ишке берилет», — деп айтылат маалыматта.

2022-жылы 19-апрель күнү курулуштун пайдубалына капсула салынган болчу. Жергиликтүү бюджеттен 31 млн сом бөлүнүп, тендер жарыяланган. Жыйынтыгында 26 млн 350 миң сомго курууну чечишкен.

Буга чейин бул жерде А.П.Гайдар атындагы шаардык китепкана орун алган. Ал 1910-жылы салынгандыктан эскилиги жетип, ордуна жаңы имарат курулууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE