Пример HTML-страницы

Ысык-көлдүк Жанара музыкадан алган таасирин сүрөткө түшүргөн

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Жанара Зиялиева сүрөт тартуунун жаңы технологияларын өздөштүрүп, ар кандай сынактарда жеңишке ээ болуп келет.

14 жаштагы мектеп окуучусу бала кезинен тарта сүрөт тартат. Учурда №11 мектеп-гимназиясында 9-класста окуйт.

«Менин үй-бүлөмдө ата-энемди кошкондо 9 адам бар. 3 эжем, 2 сиңдим жана иним бар. Сүрөт тартууга кичинекей кезимден тарта, болжол менен 5-6 жашымда тарта аралаша баштагам. Мурда кадимки карандаштарды жана акварелдерди колдончумун. Азыр графит, көмүр карандаштары жана боёктордун ар кандай түрлөрү бар: гуашь, акварель, май. Мен баарынан да портрет тартканды жакшы көрөм, азыраак натюрморт тартам», — дейт ал.

Жанара көптөгөн таланттуу адамдардын чыгармачылыгына суктанып келет. Алардын арасында анын кумирлери да бар.

«Ван Гог, Пикассо, Айвазовский, Миядзаки, Чуйковдун эмгектери мен үчүн баа жеткис. Алардын сүрөттөрү мага эң жакын болгондуктан алардан үлгү алам. Сүрөт тартуу оңой эмес, анткени эргүү белгилүү бир убакта келбейт, бул менин маанайыма байланыштуу деп ойлойм. Кээде сүрөтчүлөрдүн кантип тартканын, алардын эмгегин жана искусствону кантип жаратып жатканын көргөндө шыктанам.

Бир эле сүрөт тартуу эмес, башка предметтер боюнча да ар кандай олимпиадаларга катышууга аракет кылам. Мисалы, англис тили сабагынан. 3 жыл мурун республикалык “Юбилейный” сынагына катышып, 2-орунду алгам. Ошондой эле 10 жашымда «Менин мекеним», «Бакыт» темасында шаардык сынакка катышып, 1-орунду ээлегем. Жакында эле «Элдердин достугу» темасында графит менен тартылган сүрөт сынагынын 3-турунда 2-орунду ээледим», — деди Жанара.

Жаш сүрөтчү айткандай, чыгармачылык кызык болгондуктан эсте каларлык учурлар көп болот.

«Мындан бир жыл мурун бир эле сүрөт башымдан кетпейт, ал бир ырды укканда пайда болгон. Бул пейзаж айтып жеткис сезимдерди тартуулады, мен аны ошол эле ырга жазууну чечтим. Аны бүтүргөндөн кийин бул музыка кайдан келгенине кызыгып калдым. Көрсө, ал эсимде жок эски мультфильмден экен. Анан ошол обон экранда жаңырып турганда так эле менин кыялымдагы пейзаж пайда болду. Бул укмуштуудай болду», — деди ал.

Жанара келечекте көптөгөн өлкөлөргө саякаттоону кыялданат.

«Ар кандай маданияттар жана үрп-адаттар менен таанышкым келет. Мен кызыктуу адамдар менен таанышып, баарлашкым келет.

Сүрөт тартуудан тышкары баскетбол, скейтборд тебүүнү жана тил үйрөнгөндү жакшы көрөм. Учурда англис тилин интенсивдүү түрдө үйрөнүп жатам. Мындан сырткары немис тилин үйрөнүүнү пландоодомун. Келечекте башкаларга англис тилин үйрөтүүнү кыялданам. Азыр аттестат алуу үчүн окуп жатам», — деп өз сөзүн жыйынтыктады 9-класстын окуучусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE