Пример HTML-страницы

Ысык-Көл райондук соту оңдоп-түзөөдөн өткөн имаратка ээ болду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 2-апрель күнү Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл райондук сотунун имаратынын расмий ачылышы болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ачылуу аземине Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, жогорку соттун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков, Жогорку сотко караштуу сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, сот департаментинин директорунун орун басары Жылдыз Рыскулова, Ысык-Көл облустук сотунун судьялары, райондук жана шаардык соттордун төрагалары, сот тутумунун ардагерлери, Ысык-Көл райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери, сот департаментинин кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

«Сотторду ротациялоодон кийин эле жергиликтүү сотторду кыдырып, имараттардын абалы, кызматкерлердин иштөө шарттары менен таанышып чыккам. Республикадагы көпчүлүк соттордо иш бөлмөлөрдүн жетишсиздиги, судьялар менен аппарат кызматкерлеринин бир бөлмөдө кысылып отурушу, архив көйгөйү, имараттардын эскилиги жана жараксыздыгы сыяктуу бир катар маселелер бар экендигин көрүп чыктым. Мына ушундай эле көйгөй Ысык-Көл райондук сотунда да бар болчу. Сот отурум залдарынын жетишсиздиги, архивдерди жайгаштырууга бөлмөлөрдүн жоктугу судьялар менен аппарат кызматкерлери үчүн ыңгайсыздыкты жаратып келген. Ысык-Көл райондук соту башка имаратка кирип жатканы Чолпон-Ата шаары үчүн гана эмес, жалпы сот тутуму үчүн чоң жетишкендик деп эсептейм», — деп белгиледи Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков.

Алгач аталган эки кабаттуу имарат Ысык-Көл райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүнө ылайыктыштырылып 1979-жылы курулган. Ал эми 2008-жылдын 15-августунда Ысык-Көл—Нарын облустар аралык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгына жаңыланган имарат катары пайдаланууга берилген.

2023-жылдын 12-декабрында сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилип, 3 миллион сомдон ашык суммага имаратты соттордун ишин уюштуруу үчүн каралган талаптарга ылайык келтирүү максатында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Советская көчөсүнүн №2 дарегинде жайгашкан эки кабаттуу административдик имаратта 6 судья, 17 аппарат кызматкери, 7 техникалык жана кенже тейлөө персоналдары эмгектенишмекчи.

Сот имаратында медиаторлор үчүн жана жашы жете элек өспүрүмдөр үчүн дагы бөлмөлөр каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE