Пример HTML-страницы

Ысык-Көл облусунун аймагында майрамга карата рейддик иш-чаралар күчөтүлгөн тартипте уюштурулат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдө 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата жол кырсыктарын алдын алуу максатындагы рейддик иш-чаралар күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Облус аймагында майрамдык иш-чараларда мас абалында автоунаа башкарып, жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга мыйзамдуу чараларды көрүүгө багыттталган иштер күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.

ЖКККБ жалпы айдоочулардан 8-март күндөгү майрамдык иш-чаралар учурунда аймактарда автоунаалардын, жөө жүргүнчүлөрдүн саны кескин түрдө өсүп кетерин эске алуу менен жолдо жүрүү учурунда эрежелерди так сактоолорун суранат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE