Пример HTML-страницы

Ысык-Атада эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан эркек киши Чоң Чүй каналынан изделүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылында Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин баса сөз кызматы билдирди.

Милицияга 1968-жылы туулган жарандын аялы кайрылып, күйөөсү эки күндөн бери дайынсыз болуп жатканын айткан.

Издөө иштеринин жыйынтыгында суунун жээгинен аталган кишинин курткасы табылган. Мындан улам милиция кызматкерлери сууга чөгүп кетиши мүмкүн деген божомол менен куткаруучуларга кайрылган.

Жерине Ысык-Ата райондук №27 ӨКБден 4 адис, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 3 куткаруучу, 5 милиция кызматкери тартылган.

Учурда издөө иштери ууланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE