Turmush — Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы тапшырылды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, райондо быйыл 8 айым «Баатыр эне», 6 айым «Эне даӊкы» медалына ээ болушту.
«Бул ардактуу наамга татыган энелер 6-7 баладан жогору уул-кыздарды төрөп, татыктуу тарбия берип жаткандар. Кыргыз Респбликасынын президентинин жарлыгына ылайык, “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалына ээ болгон энелерге райондун акими Алмазбек Осмонов төш белгилерин, белегин тапшырды», — деп айтылат маалыматта.
«Баатыр эне» ордени менен сыйлангандар:
Бахриева Бермет Маликовна — Юрьевка айылынын тургуну;
Джакеева Бермет Тыныбековна — Люксембург айылынын тургуну;
Джунфурова Роза Абдулаевна — Ивановка айылыны тургуну;
Исмаилова Айдайкан Абдымомуновна — Новопокровка айылынын тургуну;
Мурзабаева Жыпариза Мурзабаевна — Кант шаарынын тургуну;
Оморова Марипа Болотовна — Новопакровка айылынын тургуну
Таалайбек кызы Айзана — Юрьевка айылынын тургуну;
Турфанова Феруза Исоевна — Юрьевка айылыны тургуну.
«Эне даӊкы» медалы менен сыйлангандар:
Абыкеева Альфия Дженишбековна — Ивановка айылынын тургуну:
Акынова Назира Мураталиевна — Кызыл-Арык айылынын тургуну;
Жаманкулова Жыпаркүл Асылбековна — Сары-Жон айылынын тургуну;
Имарова Хатима Режеповна — Жээк айылынын тургуну;
Усупбекова Кыял Омурбековна — Люксембург айылынын тургуну;
Кыдырмышева Кундуз Айтбековна — Кант шаарынын тургуну.ү
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.