Пример HTML-страницы

«Ушундай да баланы төрөйсүңбү!?» Оштогу студент кыз менен айылдаш жигиттин удаа өлүмү, суук кабардан кийинки жаңжал

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунда 2022-жылдын июнь айында Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгинен жансыз денеси табылган 19 жаштагы студент кыздын жакындарына өкүм чыкты. Алар окуянын чоо-жайын айтып берди.

Айыпталуучу Азамат (аты өзгөртүлдү, Ш.у.А.) 1995-жылдын 2-декабрында Баткен районунда туулган. Орто билимдүү, 2 баланын атасы, мурда соттолгон эмес, эч жерде иштебейт. Баткендин Кыштут айыл өкмөтүндө жашайт.

Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 194-беренесинин 2-бөлүгү (күч колдонуу же аны колдоном деп коркутуу менен турак жайдын кол тийбестигин бузуу), 131-беренесинин 1-бөлүгү (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) боюнча айып тагылган.

Айыпталуучу Гүлмира (аты өзгөртүлдү, С.Г.К.) 1969-жылдын 29-августунда Өзбекстан Республикасында туулган, Кыргызстандын жараны. Орто билимдүү, үй-бүлөлүү, 5 баланын апасы, мурда соттолгон эмес, эч жерде иштебейт. Баткендин Кыштут айыл өкмөтүндө жашайт.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 194-беренесинин 2-бөлүгү (күч колдонуу же аны колдоном деп коркутуу менен турак жайдын кол тийбестигин бузуу) боюнча айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Азамат 2022-жылдын 28-июнунда 2003-жылы туулган карындашы Асмира (аты өзгөртүлдү, Ш.к.А.) Ош шаарында Баткендин 1995-жылы туулган тургуну Батыр (аты өзгөртүлдү, А.у.Б.) менен чогуу жүрүп, каза болгонун уккан. Ошол эле күнү саат 19:30 чамасында атасы — 1967-жылы туулган Шавкат (аты өзгөртүлдү, С.Ш.А.), апасы Гүлмира болуп, окуя боюнча сурамжылоо үчүн Батырдын үйүнө барышкан. Бирок үй ээси — 1974-жылы туулган Икаят (аты өзгөртүлдү, М.И.Х) алардын үйгө кирүүсүнө каршы болгон. Буга карабай, алар күч колдонуп, Икаятты уруп, турак жайга мыйзамсыз кирип, тинтишкен. Азамат Икаяттын уюлдук телефонун тартып алып, текшерип, «уулуңду таап бересиң» деп талап койгон.

Азамат Икаятты көкүрөк тарабына колу менен бир түртүп жыгылтып, бел тарабына буту менен бир нече жолу тээп жиберген. Анын кесепетинен Икаят алсыз абалда жерге жыгылып калганда, Азамат ата-энеси менен үйдөн чыгып кеткен.

  • Комиссиялык соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучу анча оор эмес жаракат алгандыгы аныкталган.

Сот отурумунда Азамат ага коюлган айыпты мойнуна алган жок. Анын айтымында, 2022-жылдын 28-июнунда саат 19:00 чамаларында мааракеден кайтып, үйүнө келе жаткан учурда Ош облусунун милиция кызматкерлери телефон чалышкан. Алар карындашы Асмиранын жансыз денеси Ак-Буура дарыясынын боюнан табылганын, сөөгүн алар жашаган тарапка алып бара жатканын айтышкан. Карындашын ким өлтүргөнүн, эмне болгонун сураганда милиция кызматкерлери «силердин айылыңарда Батыр деген бала бар экен, ошондон шек санап жатабыз, издеп жатабыз, тааныйсыңбы?» деп сураганда, тааный турганын айткан. Милиция кызматкерлери «анда анын үйүнө барып карап көр, эгер үйүндө болсо, качырып жибербей кармап, апасынын колунан телефонун алып кой» деп айтышкан.

Ал үйүнө келип, балдарын автоунаасынан түшүрүп жаткан учурда апасы менен атасына карындашы Асмиранын жүргөн жерин милиция кызматкерлери аныктай албай жатканын, акыркы жолу Батыр менен чыгып кеткенин айтышканын, ошондуктан Батырдын үйүнө барып, аны карай турганын айтканда, ата-энеси кошо ээрчип алган. Батырдын үйүнө чогуу барып, унаасын дарбазанын жанына токтотуп, унаадан түшүп, Батырды чакырган. Ал учурда Батырдын апасы Икаят чыгып, Батыр Ошко кеткенин айткан. Бул маалда атасы менен апасы дарбазанын сыртында болгон. Батырдын апасы чыгып, алар менен учурашып, «эмне болду?» деп сураганда, апасы ачуусу келип «сенин балаң менин кызымды өлтүрүп коюптур, балаң кайда?» деп кыйкырган. Батырдын апасы үйүнүн алдына барып, телефон чалып баштаганда аркасынан барып, колунан телефонун алып коюп, ага карап, «балаң кайда жүрөт, издеп табасың!» деп кыйкырган. Ошол маалда атасы менен апасы аркасынан келген. Батырдын апасы бакырып ыйлап баштаганда алар дарбазанын сыртына чыгып кетишкен. Ошол учурда апасы телефон аркылуу агаларына чалып, чакыргын.

Андан кийин милиция кызматкерлерине чалып, кайсы жерге жетип калганын сурап, аларды Айдаркен шаарынан тосуп келүү үчүн кеткен. Ал милиция кызматкерлерине Батырдын үйүн көрсөтүп, бирок бул учурда үйдө эч ким болгон эмес. Андан кийин үйүнө кеткен.

Азамат жабырлануучуну урбагандыгын, анын үйүнүн ичине кирбегендигин, милиция кызматкерлери ага чалып, карындашы тууралуу айтканда териштирүү үчүн гана баргандыгын көрсөтүп, күнөөсү жок экендигин билдирип, актап берүүнү суранды.

Ал эми Гүлмиранын көрсөтмөсү боюнча, жолдошу экөө уулу Азамат менен бирге Батырдын үйүнө барышкан. Кызы каза болгонун ошол жерден телефон аркылуу уккан. Уулу милиция кызматкерлерин тосуп алуу үчүн Айдаркен шаарына кеткен. Телефон аркылуу өзүнүн инилерин чакырып, өз үйүнө кеткен.

Гүлмира алар үйүнө кетип жатканда Батырдын апасы ызы-чуу салганын, анын үйүнүн ичине кирбегендигин, аны урбагандыгын, болгону уулу анын колунан телефонун алып койгондугун көрсөтүп, күнөөсү жок экендигин билдирип, актап берүүнү суранды.

Жабырлануучу Икаяттын айтымында, 2022-жылдын 28-июнунда саат 19:30 чамаларында үйүндө эс алып жаткан учурда адамдардын үнү угулуп, ордунан турган. Сыртта Азамат ата-энеси менен турган. Гүлмира кирип келип, «балаң кайда? Сенин балаң биздин кызыбызды союп салыптыр!» деп кыйкырып, андан соң Азамат көкүрөгүнөн түрткөндө, ал жыгылып түшкөн. Жыгылган учурда анын белине үч жолу тээп, апасы Гүлмира бетине колу менен уруп, «балаң кызымды союп салыптыр, ушундай да баланы төрөйсүңбү!?» деп кыйкырып, үйдүн ичине бастырып киришкен. Үйдүн ичин тытып издеп, анын колундагы телефонду Азамат жулуп алган. «Телефонду бергиле, балам менен сүйлөшөйүн, эч нерседен кабарым жок» деп айтса, телефонду бербей коюшкан. Үйүндө жалгыз болгондуктан аталган окуяны башка эч ким көргөн эмес. Бирок эки адам келип калып, сөрүгө отургузуп коюшкан.

Үйдүн сыртында эл көбөйүп кеткендиктен коркуп, айыл башчынын үйүнө барып, андан соң ал жерде отурган учурда Ош шаарынан милиция кызматкерлери келип, андан баласын сурашкан. Уулу кайсы жакта экендигин билбестигин, Азамат телефонун алып койгонун айткан. Окуя болгонго чейин анын ден соолугу жакшы болгондугун, айыпталуучулар аны уруп, белине тепкенден улам анын ден соолугу начарлап калгандыгын, окуя болгондон кийин ооруканага кайрылганын көрсөттү. Ал айыпталуучуларга карата мыйзам чегинде жаза чарасын колдонуп берүүнү жана анын ден соолугуна доо кетиргени үчүн материалдык чыгымдарды жана моралдык зыянды өндүрүп берүүнү суранды.

Сот отурумунда кошумча күбө да суралды. Анын көрсөтмөсү боюнча, ал тергөөдө суралбай калган. Анткени тергөө учурунда Бишкек шаарында болгон. Ал окуя тууралуу айтып берди. Ал күнү гиляс тердирүү үчүн Ноокаттан балдарды алып келип, иштетип жаткан учурда Икаят эженин үйүнүн жанында Гүлмира эже турганын көргөн. Анын жанына барып сураган учурда, Батыр анын кызын өлтүрүп койгонун айткан. Икаят үйүдө ыйлап, ары-бери басып, уулу Батырды ар кандай сөздөр менен каргап жүргөн. Ал эми Гүлмира арыктын жанында отуруп, «балаң менин кызымдын колун сурап бар деп айтты беле?» деп сурагандыгын, Икаят «жок, эч нерсе айткан жок» деп жооп берген. Алардын ыйлап отурганын көрүп, Гүлмирага бул жерден кетип калуу керек экенин айткан. Бул учурда Икаяттын абалы жакшы болчу. Андан кийин ал айыл башчынын үйүнө бара жатканын көргөн.

Сот отурумунда башка күбөлөр да суралды.

Жыйынтыгында Баткен райондук сотунун 2023-жылдын 27-апрелдеги өкүмү менен Азамат 194-берене боюнча кылмыштын курамы жок болгондуктан акталды. Ал эми 131-берене боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде 1 жылга пробациялык көзөмөл белгиленип, жаза өтөөдөн бошотулду.

Азаматтан жабырлануучунун пайдасына келтирилген материалдык залал катары 122 782 сом, моралдык зыян катары 10 000 сом өндүрүү көрсөтүлдү.

Ал эми анын апасы Гүлмира 194-берене боюнча кылмыштын курамы жок болгондуктан акталды.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Turmush 2022-жылы 28-июнда эртең менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынан 19 жаштагы студент кыз — 2003-жылы туулган Ш.к.А.нын жансыз денеси табылганын жазган.

Маркум кыз Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде 2-курста окуп жаткан. Ал 27-июнда саат 23:00 чамасында жатаканадан чыгып кеткен боюнча кайра барган эмес.

Студент каза болгонго чейин жатаканада чогуу жашаган кыздарга «же ал жок болот, же мен жок болом» деп айткан. Анын жигити сыртка чакырганда, бөлмөдөгү кыздар «чыкпа» дегенине карабай, эшикке чыгып кеткен. Андан кийин анын жансыз денеси ич кийимчен абалда табылган. Ошондой эле маркум кыздын бир эле тиши калган.

Андан кийин 27 жаштагы жигит Араван—Ак-Буура жана Кайырма каналдарынан изделген. Суудан изделип жаткан жигит — Баткен облусундагы Кадамжай районунун 1995-жылы туулган тургуну А.уулу Б. 19 жаштагы студент кыз менен бир күн мурда чогуу болгон.

1-июлда саат 09:30 чамасында Ош шаарындагы каналдан 27 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE