Пример HTML-страницы

ТУЗ МЕНЕН РОМАШКА ГАЙМОРИТТИН ЖАНА РИНИТТИН АЛДЫН АЛАТ

https://kyrgyzcha.site/?p=43044&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ТУЗ МЕНЕН РОМАШКА ГАЙМОРИТТИН ЖАНА РИНИТТИН АЛДЫН АЛАТ

Ириң чимкиртип кыйнаган гаймориттин жана мурундан суу агызган риниттин алдын алууга, ал тургай жаңы башталганын үй шартында токтотууга болот. Бул үчүн эмнелер керектигин Бишкектеги №19-Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун отоларинголог врачы Динара Узакбаева баяндайт.

 

ГАЙМОРИТ (СИНУСИТ)

 

Гайморит – бул мурун жанындагы гаймор көңдөйлөрүнүн биринин же экөөнүн тең сезгениши. Сезгенгенде мурун чел кабыгы көөп, кан тамырлар ичкерет да, былжыр сыртка чыкпай, гаймор көңдөйчөсүнө топтолот. Топтолгон массада бактериялар же вирустар көбөйүп, сезгенүүнү жаратып, ириңдейт.

Келип чыгуу себептери. Үстүнкү азуу тиштердин түптөрүнүн оорушу, сасык тумоо, ринит, суукка урунуу.

Дарылабаса… Менингит, кызыл жүгүрүк, ангина, бронхит сыяктуу оорулар жаралат.

 

РИНИТ

 

Ринит (насморк) – мурундун былжыр кабыкчасынын сезгенүүсү. Бир нече түрү бар.

Вирустуу ринит. Себепкери – вирус, бактерия, грибок. Организм катуу үшүп калганда анын коргоо механизми төмөндөйт да, мурундагы вирус, бактериялар көбөйүп, сезгенүүнү жаратат. Мурундан суу, чимкирик көп агат. Дарылабаса гайморит, ортоңку кулактын отити, фарингит, бронхит жаралат.

Аллергиялык ринит. Өсүмдүктөрдүн чаңчаларынан, мурунга аллергендин кирип кетүүсүнөн (мисалы, жаныбардын жүнү) болот. Дарылабаса гайморит, бронхиалдык астмага өтөт.

Муздак абадан жаралчу ринит. Суукка чыкканыбызда мурдубуз биз дем алган муздак абаны жылытуу үчүн былжырды көп чыгара баштайт. Ошондуктан мурундан суу агат. Сууктан ысыкка киргенде да мурундан суу куюлат. Кыскасы, бул процесстер «суукка аллергия» деп эсептелет. Ысыкта бир топ отурганда өтүп кетет. Бирок суукта дамамат көп жүргөндө гайморитке, полипке айлануусу мүмкүн.

 

ГАЙМОРИТТИН ЖАНА РИНИТТИН АЛДЫН АЛУУ

 

1.Мурунду жууп, тазалап туруу

Төмөндөгү каражаттар оорулардын алдын алып жана гайморит менен ринитте сезгенүүдөн улам көөп кеткен мурун былжырын калыпка келтирип, тез айыгууга жардам берет.

 

Дарыканаларда сатылуучу деңиз тузунун даяр эритмелери: аква марис, салин, долфин, диоксидин, мирамистин

Туз (деңиз, аш тузу же кочкор тузу). 200 грамм жылуу сууга 1 чай кашык туздун үчтөн бир бөлүгүн салып.

Ашкана содасы. 200 грамм жылуу сууга жарым чай кашык сода салынат.

Дары чөптөр (бака жалбырак, шалфей, ромашка, кырк муун, эмен кабыгы, ит уйгак) кайнатмасы. Кайсынысы болсо да 1 чай кашык алып, аны 0,5 литр сууга кайнатып, сүзүп, жылуу кезинде мурунду жуу кажет.

Жуу ыкмасы

 

Дары чөптөрдүн кайнатмасын куюу үчүн керектелет: жала-нети (атайын чайнек) же шприц (ийнесин алып салып).

Башты оң жакка чалкалатып сол таноого дарыны куйсаңыз, дары оң таноодон агат (туура жасалганда). Анан чимкирип, берки танооңузду ушундай эле жол менен жууйсуз.

Аллергия жаратар же жаратпасын билүү үчүн кайсынысы болсо да алгач кичине гана колдонуп көрүңүз.

Дары чөптөр кайнатмасы

1 күндө 2-3 маал колдонулат. Даяр эритмелерди көрсөтмөсүнө карап пайдаланыңыз.

2. Гайморит жаралбашы үчүн үстүнкү тиштер ооруганда сөзсүз дарылатуу

 

 

3. Бутту жылуулоо

Суукта бутка дары чөптүн (ромашка, ит уйгак жана башка) кайнатмасынан ванна жасап, жүн байпак кийүү зарыл.

 

 

4. Компресс

Риниттин жаңы башталышында мурун кайкысына (переносица) жылуу компресс (ысытылган туз, сууга бышкан жумуртка) басса болот.

 

 

5. Суукта башты жууп, сыртка чыкпоо

 

 

6. Иммунитетти көтөрүү

Бул үчүн витаминдүү тамак-ашты көп жеш (айрыкча сарымсак, бал, лимон, жашылча салаты), активдүү жашоо образы сунушталат.

 

 

7. Дарылык укалоо

 

Сөөмөйдүн учу менен беттеги көрсөтүлгөн чекиттерди басып, 1 күндө 3-5 ирет 5 мүнөттөн укалоо керек.

 

Эскертүү: укалоо дене табы көтөрүлгөндө колдонулбайт

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE