Пример HTML-страницы

Turmush: Видео: Кудаяр хандын Кокондогу ордосу

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн Өзбекстандын Ташкент облусуна сапар уюштурулду. Ошондой эле алар Кокон шаарына, Кудаяр хандын ордосу жайгашкан жерге барышты.

Кудаяр хан курган бул ордо буга чейин оңдоп-түзөөдөн өтүп, ордонун жарымы гана сакталып калган. ЖМК өкүлдөрүн коштоп жүргөн Ош облусу жана Ош шаары боюнча туризм кеңешинин өкүлү Уруслан Калмурзаев бул ордого көп жолу келгендиктен көргөн-билгендерин айтып берди.

«Кудаяр хан курган ордонун бир капталын орус аскерлери чиркөө катары колдонуп келишкен. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда аскердик госпиталь катары да пайдаланышкан.

Ордонун хан отурган бөлмөсүнүн кире бериш жеринде кабыл алуу бөлмөсү болгон. Ал бөлмөдөн хандын бөлмөсүнө кире турган эшиктин бийикти 1,5 метрди түзгөн. Ошол жерден ханга киргендер эңкейип киргенге шарт болгон. Бул ордонун жарымы гана сакталып калган. Сакталып калган жарымы да оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн», — деди Уруслан Калмурзаев.

Кудаяр хандын ордосунда кокон хандыгынын учурундагы буюмдар, маркумду жерге берүүдө колдонулуучу таштан жасалган буюмдар, курал-жарактар, Кокон хандыгынын тектеринин аттары, сүрөттөрү коюлган.

Мындан сырткары ордодо аялдар жашай турган бөлмөлөр өзүнчө, балдар жашай турган бөлмөлөр өзүнчө болуп бөлүнгөн. Ордо хандары аларга кайрылгандарды кабыл ала турган хан тактысы бөлмөсүнөн сырткары дагы бир бөлмө жайгашкан. Анда хандар жети кабат төшөктө жатып, карйлыгандарды кабыл алган. Ошону менен катар эле Кокон хандыгына канча бектиктер баш ийгени, алардын жайгашкан аймагы көрсөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE