Пример HTML-страницы

Turmush: УКМК кармаган кара-көлдүк судьянын иши: Жогорку сот өкүм чыгарды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖогорку сот Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Памирбек Ыманбековду актаган өкүмдү күчүндө калтырды. Тишелүү чечим 2022-жылы 11-майда кабыл алынды.

  • Тергөө иш-чаралары жүрүп жаткан учурда президент Сооронбай Жээнбековдун (ошол учурдагы өлкө башчы) жарлыгы менен Ыманбеков Памирбек Жакыпбекович кызматынан четтетилген.

2019-жылы 30-октябрда Кара-Көл шаардык сотунун судьясы менен Кара-Көл ШИИБдин жетекчисинин орун басары пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирген.

1-октябрда ИИМдин Ички тергөө кызматына И.Ф. аттуу жаран Кара-Көл ШИИБдин кызматкерине чара көрүүнү өтүнүп кайрылган. Анын айтымында, кызматкер менен Кара-Көл шаарынын Ы.П. аттуу судьясы сүйлөшүп алып, арыздануучуга козголгон ишти оң жакка чечип беребиз деп, андан 100 миң сом талап кылышкан.

Мындан тышкары ал эркиндигинен ажыратууга байланыштуу эмес баш коргоо чарасынын тандалышы үчүн соттук органдарга 30 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аргасыз болгон.

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы арызды Жазык кодексинин 326-беренеси (опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам изилдөө иш-чараларда Кара-Көл ШИИБдин Б.М. аттуу кызматкери шаардык соттун Ы.П. аттуу судьясы менен сүйлөшүп алып, ортомчу болгону аныкталган. 30-октябрда Кара-Көл шаарында ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө Ы.П. аттуу судья, Кара-Көл ШИИБдин жетекчисинин орун басары, милициянын Б.М. аттуу капитаны талап кылынган акчанын жарымын — 20 миң сомду алып жаткан учурда кармалган.

Turmush басылмасына Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Сузак райондук сотунун 2020-жылдын 9-октябрындагы өкүмү менен Ы.П.Ж. Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгү (жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча анын жосунунда кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

Ы.П.Ж. Жазык кодексинин 325-беренесинин (пара алуу) 3-бөлүгүнүн 2-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 2 жылдык мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен 8 жылга эркиндигинен ажыратылган жана 90 миң сом айыпка кириптер кылынган.

Сузак райондук сотунун 2020-жылдын 9-октябрындагы өкүмү менен макул болбой, мамлекеттик айыптоочу сунуш менен жана жактоочулардын апелляциялык даттануулары менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган.

Жалал-Абад облустук сотунун 2021-жылдын 11-мартындагы аныктамасы менен Сузак райондук сотунун 2020-жылдын 9-октябрындагы өкүмү жокко чыгарылган. Жазык иши жаңыдан башка курамда кароо үчүн Сузак райондук сотуна жиберилген.

Мамлекеттик айыптоочу К.А.нын апелляциялык сунушу жана жактоочулар М.А менен С.Н.нын апелляциялык даттануулары жарым-жартылай канааттандырлган.

Жалал-Абад облустук сотунун 2021-жылдын 11-мартындагы аныктамасы менен макул болбой, Жалал-Абад облустук прокуратурасынын блүмүнүн мамлекеттик айыптоочусу сунуш менен Жогорку сотко кайрылган.

Жогорку соттун 2021-жылдын 25-майындагы токтому менен Жалал-Абад облустук сотунун жазык иштер жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2021-жылдын 11-мартындагы Ы.П.Ж. жөнүндөгү аныктамасы күчүндө калтырылган.

Сузак райондук сотунун 2021-жылдын 2-сентябрдагы өкүмү менен Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгү, 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча анын жосунунда кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

Сузак райондук сотунун 2021-жылдын 2-сентябрдагы өкүмү менен мамлекеттик айыптоочу макул болбой, апелляциялык сунуш менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган.

Жалал-Абад облустук сотунун жазык жана жоруктар жөнүндөгү иштери боюнча соттук коллегиясынын 2022-жылдын 26-январдагы өкүмү менен Сузак райондук сотунун 2021-жылдын 2-сентябрдагы Ы.П.Ж. жөнүндөгү өкүмү ѳзгѳртүүсүз, апелляциялык сунуш канааттандыруусуз калтырылган.

Жыйынтыгында Жогорку соттун коллегиясы Сузак райондук сотунун жана Жалал-Абад облустук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE