Пример HTML-страницы

Turmush: «Таттыбүбүнү көрүү үчүн борборго баргам»: Сүрөтчү К.Молдогазиевдин кызыктары

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз элинин сыймыгы болгон актриса, кылымда бир жаралчу талант Таттыбүбү Турсунбаеванын сүрөтү түшүрүлгөн 1992-жылдын календары ар бир үйдүн көрүнүктүү жеринде илинип турган. Анын сүрөтүн тарткан Конушбек Молдогазиев менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчы маек курду.

Молдогазиев Конушбек 1959-жылы 2-августта Жети-Өгүз районунун Балтабай айылында жарык дүйнөгө келген. Колуна калем кармаган күндөн тарта сүрөт тартууга кызыккан Конушбектин таенеси менен апасы да ууз адамдар болгон. Орто мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы С.А.Чуйков сүрөтчүлөр окуу жайын, андан кийин Украинанын Львов шаарындагы мамлекеттик полиграфиялык институтунун китеп (книжная) графика жана иллюстрация бөлүмүн ийгиликтүү аяктаган.

«Студент кезде ар кандай буюртмаларды алып, тартып жүрдүм. «Жаш Ленинчил» журналына люстрацияларды жасадым. Институтту бүтүргөндөн кийин «Адабият» басмаканасында иштеп, балдарга арналган китептердин сүрөттөрүн, акын-жазуучулардын китептерин кооздоп басмадан чыгарууга салым коштум», — деди ал.

Басмаканага жаңы ишке орношкон кезде ал кыргыз жылдызы Таттыбүбү Турсунбаеванын сүрөтүн тартып, 150 миң нуска календарь болуп жарык көргөн.

«Ошол кезде «Кыргызстан», «Адабият», «Мектеп» деген 3 чоң басмакана болчу. 2 миңге жакын кызматкер иштеп, бардык басылмалар ошол жерде даярдалчу. Анан жетекчилер «Портрет тарта аласыңбы? Таттыбүбүнүн сүрөтүн тартуу керек» деп айтып калды. «Жарым жыл мурда башка сүрөтчүлөргө бергенбиз, жакшы окшобой жатат. Бирок бир жума гана убактың бар» деди. Мектепте окуп жүргөндө борборго келип, Турсунбаеванын спектаклин көргөм. Ал кезде билеттер эрте сатылып, актрисаны көрүүнү каалагандар өтө көп болор эле. Анын сулуулугун көрүп, ошондон тарта «аны сүрөткө түшүрсөм» деп кыялданат элем. Анан жетекчиликтин сунушуна макул болуп, сүрөттү тартым. Натыйжада 150 миң нуска менен чыгып, балалык кыялым орундалды», — дейт сүрөтчү.

Т.Турсунбаева «Малика» спектаклинде Маликанын ролунда

Каарманыбыз республикалык, облустук кароо-сынактарга тынбай катышып, алдыңкы орундарды камсыздап келет. Кечээ жакында Канай уулу Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган Чуңкурчакта өткөн сынакта көркөм колдонмо сүрөт өнөрү боюнча 3-орунду камсыздап, Ысык-Көл облусуна дагы бир байге алып келди.

«Ал сынакка 4 панно, 6 графика алып бардым. Жыйынтыгында эмгектерим бааланып, олжолуу орунга ээ болдум. Негизи эмгектеримде кыргыздын духу жыттанганын каалайм. Баарына кыргыз орнаментин түшүрүп келем. Энем ууз болгондуктан панно, фильцеваниеден эмгектерди жаратам», — дейт ал.

Ал талыкпас талантынын аркасында Түркия, Румыния өлкөлөрүн кыдырган. Ошондой эле түрк элдеринин маданиятын көрсөтүүгө багытталган ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун алтын медалынын ээси, сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

Баалары 100 доллардан башталган эмгектеринин ичинен чет өлкөгө кеткендери да бар. Мисалы, «Атилла» атуу живописин Англиядагы жаранга 600 долларга саткан. Эмгек

жарым абстракттуу болуп, чыгармачылык менен тартылган. Ошондой эле Чикаго шаарына «Кыргыз жери» деп тартылган 3 метрлик чоң сүрөттү сатылган.

«Каракол шаарында, облустун ар аймагында туристтерди кабыл алып иштеген конок үйлөргө эмгектеримди коюп, туристтерге сатабыз. Негизи коронавирус пандемиясы учурунда келген туристтер жок, эмгектер өтпөй калган. Азыр кайрадан жандана баштады», — деди ал.

Конушбек Молдогазиев үй-бүлөлүү, 4 кыз жана 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE