Пример HTML-страницы

Turmush: Шурудан зер буюмдарды жасоо нерв системасын жөнгө салат,

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Орлиный айылынын 55 жаштагы тургуну Элмира Осмоналиева шурудан зер буюмдарды жасап келет. Бул өнөрүн ал жеткинчектерге да үйрөтүп жаткандыгын аймактык кабарчыга билдирди.

«Мектепте окуп жүргөндө энеме жана таенеме жардамдашып, ар кандай сайма сайганды, курак кураганды үйрөнгөм. Шуру менен алгач өзүмө зер буюмдарын жасасам, кийин бул менин хоббиме айланды. Бош учурумда жасап жүрдүм. Акыркы жылдары кызыккандар көп болгондуктан көп жасап, кардар чыгып калса, сатып да коём», — деди ал.

Жасаган эмгегинен эргүү алган Элмира айым кайсы жумушта болбосун кол өнөрчүлүк менен алектенүүнү токтоткон эмес.

«Мен Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүндө 12 жыл бою иш жүргүзүүчү болуп эмгектендим. Анда соң Каракол шаардык ички иштер бөлүмүндө катчы болуп иштедим. Учурда айылдагы суу чарба ишканасында бухгалтер болуп иштеп жатам. Жумуштан кийин бош убактымда сайма сайып, шуру менен сөйкө, билерик жасаганды жактырам. Биринчиден бул менин сүйүктүү ишим болсо, экинчиден ден соолукка пайдалуу, нерв системасын жөнгө салат. Анан шуру алганга жана стимул үчүн киреше берип жатат десем да болот. Кол өнөрчүлөр үчүн уюшулган фестиваль же жармаңке болсо, ошол жакка айылдын же райондун атынан эмгектеримди алып чыгам. Ал жакка келгендер кызыгып, буюмдарды сатып алышат. Ошого да сүйүнүп, шыктанып, бул ишимди улап келем», — деди ал.

Э.Осмоналиева кол өнөрчүлүктүн бул түрүнө кызыккан жеткинчектерге үйрөтүп келет.

«Шуру-мончокторго кичинекей кыздар абдан кызыгышат. Мектепте окуган окуучу кыздар үйрөнүү үчүн келишет. Мен бош учурумда жасап жаткан ишимди айтып, кандай жасоо керектигин көрсөтүп берем. Айрымдары мектептен кийинки бош учурунда жасап, классташтарына белекке берип же сатышат экен. Негизи билгениңди бирөөгө үйрөтүү эң жакшы нерсе деп билем. Ошол үчүн кызыгып келген кыздарга үйрөтүүдөн тажабайм», — деди ал.

Каарманыбыздын жасаган эмгектерине чет элдик жарандар да кызыгышат.

«Жармаңкелерге туристтер да келип калышат. Мисалы, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Чымынды-Сай жайлоосунун кооздугун сайма кылып сайган эмгегимди арабиялык конок 7 миң сомго сатып кеткен. Ал эми моюнга таккан шуруну гердан деп коёт. Ушул эмгегимди көпчүлүгү баалайт. Аны жасоо үчүн 2-3 күн убакыт кетет. Мен үчүн кардардын жасаган ишиме берген баасы жана каалоосу эргүү тартуулайт. Кандай иш кылсак да, ошондон ырахат алуу эң чоң бакыт», — деп сөзүн жыйынтыктады кол өнөрчү.

Учурда Элмира Осмоналиева 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE