Пример HTML-страницы

Токтогулда мал уурулукка шектелип 4 адам кармалып, экөөнүн үйүнөн мылтыктар табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushТоктогул милициясы мал уурулукка шектелген 4 жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Токтогул РИИБге 30 жаштагы район тургуну арыз менен кайрылып, 2023-жылдын 23-ноябрында базар баасы 75 000 сомдук 1 баш букасын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген.

Бул окуя Токтогул РИИБ тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Токтогул РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Токтогул районунун тургундары — 1962-жылы туулган Н.Т., 1973-жылы туулган Т.Т., 1975-жылы туулган Д.М. жана 1984-жылы туулган Н.К. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Д.М. жана Н.К. аттуу жарандардын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүп, сайлуу ок атуучу куралдар табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү жарандардын мындан башка дагы 4 кылмыш ишине тиешеси бар экендиги аныкталган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE