Пример HTML-страницы

Токмоктогу мектепте болгон окуяны милиция териштирип баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushТокмок шаарындагы мектепте болгон окуя боюнча текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул факт боюнча 22-сентябрда Токмок ШИИБге материал катталып, тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат. Факт каттоого алынганда окуучулардын ата-энелеринен арыз түшкөн эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат.

Буга чейин Turmush Чүй облусунун Токмок шаарындагы 1-кичи районунда жайгашкан №9 орто мектепте тартылган видео талкуу жаратып жатканын жазган.

Окуя ушул жылдын 21-сентябрында болгон. Анда мугалим сабак учурунда окуучуларга кол көтөргөнүн көрүүгө болот.

Ал эми Чүй облустук методикалык билим берүү бөлүмү окуя териштирилип жатканын, мугалимге карата тиешелүү чара көрүлөрүн билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE