Пример HTML-страницы

Тогузунчу кыз болуп төрөлгөн кызга Таарындык ысымы коюлган соң, артынан 5 уул келген үй-бүлө

Акыркы жанылыктар

Turmush«Өзгөчө ысым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Кереге-Таш айылынын 62 жаштагы тургуну Таарындык Асаналиева. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.

Таарындык айым анын ысымын уккандар кызыгуу менен «эмнеге?» деп суроо узатышканы адаттагы көрүнүш экендигин айтты.

«Менин атам партиялык кызматкер болгон. Союз тарагандан кийин темир уста болуп иштеди. Анын жалпы 14 баласы бар. Мен тогузунчусумун, тактап айтканда тогузунчу кыз, менден улуу 8 эжем бар. Мен энемдин карынында жатканда үйдөгүлөр, тууган-уруктун баары уул күтүшкөн экен. Анан мен жарыкка келгенде алар күткөндөй болбой калып, Таарындык деген ысым ыйгарып коюшуптур. Ошентип Кудай-Таалам ата-энемдин тилегин берип, менден кийин эгиз уулдуу болушат. Андан кийин дагы биздин үй-бүлөдө 3 уул төрөлгөн», — деди ал.

Каарманыбыз ысымын өзгөртпөгөнү менен фамилиясын алмаштырганын айтып өттү.

«Эч кимде жок атымды өзгөртүүнү деле ойлонгон жокмун. Анткени мен жаңы төрөлгөндө азан чакырылып коюлган ысым да. Көбүнчө мага Такен деп кайрылышат. Ысымымды угуп калгандар кыя өтпөй, дайыма суроо узатышат. А мен бул окуяны айтып берүүдөн тажабайм (күлүп).

Менин аты-жөнүм Жумашева Таарындык болчу. Тагдырдын буйругу экен, кийин Жумаш аттуу жигитке турмушка чыгып калдым. Мага эмнегедир бир кызыктай туюла берди. Анан жолдошумдун фамилиясына өтүп, Асаналиева Таарындык болуп алдым. Турмуш жолуна аттанган соң саанчы, почта кызматкери болуп иштедим. Жолдошум экөөбүз 5 баланы тарбиялап, эрезеге жеткирдик. Учурда 11 неберебиз бар», — деди ал.

Т.Асаналиева ардактуу эс алуу мезгилинде бала кезинде апасынан үйрөнгөн өнөрдү улантып келет.

«Апам 92 жашта. Ал уз чебер. Бала кезде апама жардамдашып жүрүп, мен да кол өнөрчүлүктү үйрөнгөм. Мен жасаган эмгектер райондо өткөн кол өнөрчүлөрдүн сынагында баш байгени багындырган. Чет жерге кетип жаткан айылдыктар туткуч, чайнек койгуч өңдүү этно буюмдарды жасатып кетишет. Жергиликтүүлөр кызга сеп жасатышат. Бул өнөрдү өзүмдүн кызым да улап, кол өнөрчүлүк менен алектенип жүрөт. Балам таятасын тартып, темир уста. Курулуш тармагында да эмгектенип жүрөт. Келиним дунган улутунун кызы. Бирок мен жасаган иштерди баалап, үйрөнүүгө аракет кылат», — деп сөзүн жыйынтыктады өзгөчө ысымдын ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE