Пример HTML-страницы

Тажик тарап жардырып салган Баткендеги 36 метрлик көпүрө оңдолууда (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushТажикстандын куралдуу кол салуусундагы жардырылган Баткендеги 36 метрлик көпүрө оңдолууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, бул көпүрө Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарын бириктирип турат. Учурда көпүрөгө кошумча 28 метрлик убактылуу көпүрө салынууда. Көпүрө бүткөрүлгөн кийин, 36 метрлик көпүрөнү оңдоо иштери башталат.

Бул көпүрө Ак-Сай айылын Капчыгай айылы менен байланыштырып турат. Көпүрө бул конуштардын тургундары үчүн стратегиялык мааниге ээ. Анын курулушуна 12 миллион сом бөлүнгөн.

Бул көпүрөнү куруу зарылдыгын Капчыгай айылынын тургундары байма-бай айтып келишкен. Ак-Сай дарыясынын башка тилкесинде дагы бир көпүрө бар. Бирок ал чек ара сызыгына жакын жайгашкандыктан, жаңжал учурунда баткендиктер андан өтө албайт.

Ак-Сай айылы аткылоодон кийин

2021-жылдын 29-апрелинен 1-майына чейинки кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийин 2021-жылдын 1-майында протоколго кол коюлган. Анда тажик тарап Ворух анклавына баруу үчүн Капчыгай айылынын үстүңкү бөлүгүнөн кетүүчү жол суранган.

Кыргызстан өз позициясында 40 миң калкы бар Ворух анклавына барууга шарт түзүүгө даярдыгын, бирок жолду Кыргызстан курарын билдирген.

  • 2022-жылдын 17-сентябрында бул көпүрөнү тажик аскерлери жардырышкан.

18-сентябрда көпүрө мына ушундай көрүнүштө болгон:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE