Пример HTML-страницы

Тажик тарап миномёт менен аткылай баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 12-апрелде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, саат 21:17 чамасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз чек арачыларына ок чыгарышкан. Кайрадан ок атышуу орун алып, 30 минутага жакын созулган. Кийинки орун алган ок атышууда кыргыз аскер кызматкери жаракат алган. Андан ары тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылай баштады.

УКМКнын Чек ара кызматы тажик кесиптештерин биргелешип кайтарылган чек арада кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө жана жергиликтүү жашоочуларды аткылоону токтотууга чакырат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Селкана жерлигинде кызматын өтөп жатканда куралдан ок атылганы белгилүү болгон. Ал эми чектеш аймакта тажик чек арачылары пайда болуп, алар кыргыз аскер кызматкерлерин көрүп, мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгын көздөй багытын улантышкан. Кыргыз чек арачыларынын токтоп, чек ара сызыгынан өз аймагына өтүү талабына тажик чек арачылары көңүл бурбай, чек араны кесип өтүп, Кыргызстандын аймагына 20 метр тереңдикте кирип кетишкен. Буга жооп кылып тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларына ок чыгарган. Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ок атышуу токтотулган. Ок атышуулардын натыйжасында кыргыз тараптан жабыркагандар жана жаракат алгандардар жок.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Тажикстандын 1 аскер кызматкери откон жаракат алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE