Пример HTML-страницы

Тамчы айыл аймагында тылдын 4 ардагерине сый-урмат көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Тамчы айыл аймагында да Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.

Иш-чарада Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине арналып орнотулган эстеликке гүлчамбар коюлду. Эскерүү мүнөтү жарыяланып, көзү өткөн ардагерлердин арбагына багышталып куран окулду. Ошондой эле алардын эрдиги даңкталды.

Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Фархад Бейшембиев айыл аймакта жашаган тылдын 4 ардагерине сый-урмат көрсөтүп, материалдык жардам тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE