Пример HTML-страницы

Таластагы Жерүй кенинде балык көбөйтүү үчүн суулардын сапаты текшерилүүдө

Акыркы жанылыктар

Turmush«Альянс Алтын» компаниясы Улуттук илимдер академиясынын Биология институту жана Талас облустук Мергенчилер жана балыкчылар коому менен биргеликте Талас облусундагы дарыяларда балыктардын түрүн көбөйтүү жана өстүрүү максатында суу ресурстарына мониторинг жасап, илимий-иштерди жүргүзүүдө.

Маалым болгондой, мониторинг Жерүй кенинин лицензияланган аймагын бойлоп аккан Туз-Ашуу, Жерүй, Чоң-Туз жана Чоң-Чычкан дарыяларына, ошондой эле Талас облусунун башка дагы Калба, Күмүштак сыяктуу дарыяларына жүргүзүлдү. Изилдөөлөрдүн биринчи баскычында суунун үстүнкү катмарындагы курамына гидробиологиялык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Бул иштер толугу менен аягына чыгарылгандан кийин балыктарды кое берүү боюнча чечимдер кабыл алынат.

Болжолдуу талаа экспресс анализинен кийин текшерилген суунун курамы стандартка ылайыктуу экендиги жана балык өстүрүү чарбасына туура келери аныкталган. Демек бул Талас облусундагы балык өстүрүү чарбасын өнүктүрүүгө жана био ар түрдүүлүктү жакшыртууга мүмкүнчүлүктөр бар дегенди билдирет.

Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн «Альянс Алтын» ЖЧКсы Талас облусунун дарыяларында өстүрүүгө ылайык келген Ысык-Көл орелинин чабактарын сатып алууга жана кое берүүгө, ошондой эле шарттарын түзүп, тоют менен жеткиликтүү түрдө камсыз кылууга каржылык колдоосун көрсөтөт.

«Альянс Алтын» ишканасы убак-убагы менен экологиялык иш-чаралар үчүн акча каражатын бөлүп турат. Айлана-чөйрөгө кам көрүү – компаниянын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE