Пример HTML-страницы

Таласта социалдык тармакта экстремисттик материалдарды жайылткан адам кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында социалдык тармактарда экстермисттик материалдарды жайылтууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Талас ОИИБдин экстремизм мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан «facebook» социалдык тармагында Ж.А. аттуу адамдын интернет баракчасы аныкталган. Ал экстремисттик материалдарды жайылткандыкы такталып, Талас ОИИБге алынып келинген. Алынган материалдарга соттук-теологиялык экспертизасы дайындалып, алар Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-Аль-Ислами» экстремисттик уюмуна таандык экендиги тастыкталган.

Талас ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иш козголгон. Аккаунттун колдонуучусу Талас шаарынын 1982-жылы туулган тургуну Б.Ж. экендиги аныкталып, «Шумкар» атайын багыттагы отрядынын кызматкерлери менен бирдикте колго түшүрүлгөн. Тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE