Пример HTML-страницы

Таласта карышкырлар адамга кол салып өлтүргөнү тууралуу маалымат тараган. Милиция үн катты

Акыркы жанылыктар

TurmushСоциалдык тармактарда Талас облусунда карышкырлар адамга кол салып өлтүрүшкөнү, адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

  • Социалдык тармакка адамдын жансыз денесинин сүрөтү да тараган.

«Талас облусунун аймагында аталган окуя болгон эмес. Талас облусунун ички иштер органдары тарабынан маалыматтарды эсепке алуу журналына жана Кылмыштардын бирдиктүү реестрине жогоруда аталган маалымат катталган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Милиция аталган маалымат Телеграмда Россия Федерациясынын Краснодар облусунда болгон окуя экени жазылып жүргөнү аныкталганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE