Пример HTML-страницы

Талас шаарындагы жубайлар түн бир оокумда оор абалда ооруканага түшүштү

TurmushТалас шаарында эки адамды автоунаа сүзүп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жабыркаган жубайлардын туугандары билдирди.

Алардын айтымында, учурда 1969-жылы туулган Т.К., 1969-жылы туулган Г.К. Ч.Мамбетов атындагы Талас облустук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатышат. Экөө жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон өтүп баратышкан.

Талас ОИИБ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 26-июнда түнкү саат 01:25 чамасында Талас шаарынын Ч.Айтматов менен К.Жаманкулов көчөлөрүнүн кесилишинде «Фольксваген Пассат» автоунаасы батыштан чыгышты карай бара жатып 2 жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE