Пример HTML-страницы

Талас облусунун милициясы айыл аймактардын имамдарын ардак грамота менен сыйлады

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында экстремизм жана терроризмдин алдын алуу максатында форум өттү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Форум «Өлкөнүн келечеги биздин колубузда, кылмыштуулукка жана экстремизмге жол жок» аталыштагы жөө жүрүш менен башталды. Талас шаарынын активдүү жаштары Бердике баатыр атындагы аллеядан баштап Капар Медетбеков атындагы Талас облустук драма театры көздөй «Экстремизмге жол жок» деген ураан менен жөө барышты.

Андан соң Капар Медетбеков атындагы облустук театрында чогулган эл менен форум өттү. Анда атайын даярдалган тасма көрсөтүлдү.

Жыйында Талас ОИИБдин кызматкерлери менен тыгыз байланышта болуп, коомдук коопсуздукту сактоодо жана диний экстремизмге каршы күрөшүүдө кошкон зор салымдары үчүн бир катар адамдар ардак грамота менен сыйланышты:

— Талас облусунун казысы Үсөналиев Сулумбек ажы;

— Орун басары Абдысамат уулу Өмүрзак;

— Талас облусунун казыятынын үгүт насаат бөлүмүнөн Кадыралиев Замирбек;

— Талас облусунун казысынын жардамчысы Мамазалиев Нуржан жана райондун имамдары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE