Пример HTML-страницы

Талас облусунда таштанды жайлардын абалы жеринен текшерилип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТаласта таштанды таштоочу жайларда мониторинг жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус аймагында экологиялык системаны сактоо жана жарандар үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү максатында айыл аймактардагы таштанды таштоочу жайлардын абалы жеринен текшерилип, экологиялык талаптарга келтирүү боюнча айыл башчыларына тийиштүү тапшырмалар берилүүдө.

Облус аймагындагы бардык айылдардагы таштанды таштоочу жайларга мониторинг иштери жүргүзүлүп, экологиялык талаптарга келтирилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE