Пример HTML-страницы

Төмөнкү Ала-Арчада жөө адамдарды унаа сүзүп кетти. Алар өспүрүмдөр болгон

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Төмөнкү Ала-Арча айылында кечээ катталган жол кырсыгынын чоо-жайын билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 2022-жылдын 27-мартында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Төмөнкү Ала-Арча айылынын көчөлөрүнүн биринде жеңил унаа жөө адамдарды сүзүп кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Алынган маалымат боюнча тергөө-ыкчам тобу дароо жерине чыгып кетишкен. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери тарабынан белгисиз айдоочу белгисиз унаа менен 2009-жылы туулган Ж.А.ны жана 2010-жылы туулган Б.Б.ны сүзүп кеткендиги, жабырлануучулар аймактык ооруканага жеткирилгени аныкталган.

Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда бул факт боюнча экспертизалар дайындалды. Милиция кызматкерлери тарабынан шектүүнүн өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тергөө иштери уланууда.

Буга чейин окуяга күбө болгондор жеңил унаанын айдоочусу эки адамды сүзүп, жардам көрсөтпөстөн белгисиз тарапка качып кеткенин билдиришкен.

Сезимталдарга видеону көрүүгө болбойт!

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE