Пример HTML-страницы

Түн ичинде Ошто кайгуулчулар менен 2 адамдын ортосунда жаңжал чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 12-июнда түндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан 2 адам сабалды. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, 1991-жылы туулган 2 жаран Учар айылы жактагы айлампа жолдо турушкан. Окуя аталган аймакка кайгуул кызматынын кызматкерлери келгенде болгон. Кайгуулчулар аларды эмне үчүн ур-токмокко алганы белгисиз. Кайгуулчулар да жабыркаган.

Сабалды делген жарандардын биринин атасы Замирбек Кожаев окуя тууралуу буларга токтолду.

«Кечээ эртең менен мага кол астымда иштеген баланын жубайы телефон чалып, «Мен Сулайман-Тоо милиция бөлүмүндө турам, балаңыз Марат (аты өзгөртүлдү) менен күйөөм Сергейди (аты өзгөртүлдү) сабап жатышат» деди. Мен барсам, уулумдун колун чечип, отургучка отургузуп коюшкан экен. Экөө тең кыйналып калыптыр. «Булар эмне укук бузууларды жасаптыр?» деп сурадым. Баламдын оозу-мурдуна, башына тээп, 4 тишин сындырып салышыптыр. Негизи уулум менен тиги орус жигит Учар айлампасына бирөөнү узатып коелу деп келишкен экен. Ошол жерден кайгуул кызматкерлери келип, провокация кылып, унаанын ичинде 1,5 саат алып жүрүшүптүр. Анан Сулайман-Тоого алып келишиптир. Ал жактан да сабашыптыр», — деди Кожаев.

Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков окуя тууралуу маалыматы бар экенин, бул окуя тууралуу толук маалыматты кийинчерээк берерин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE