Пример HTML-страницы

Сузакта 11 жаштагы Алинин дайыны чыкпай жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районунда 11 жаштагы өспүрүм бала изделип жатат. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сузак районунун Ленин айыл аймагынын Винсовхоз айылынын тургуну — 2011-жылы туулган Малаасман-оглы Али 2022-жылдын 9-октябрь күнү саат 17:00 чамасында ошол эле айылдын тааласында мал кайтарып жүрүп, качып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

«Учурда Малаасман-оглы Алинин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Белгилери: бою 130-140 см, өңү кара тору, кашы-көзү, чачы кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: үстүндө көк түстөгү жемпир, жашыл-ала түстөгү камуфляж шым, спорттук бут кийим.

Малаасман-оглы Али тууралуу маалыматы барлар 102, (03722) 7 39 90, 0771 93 60 70, 0553 78 00 78 телефон номурлары аркылуу билдирсе болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE