Пример HTML-страницы

Сокулуктун Орок айылында Асанкул Шаршеновдун эстелиги тургузулду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айылында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү куудул Асанкул Шаршеновдун жаркын элесине арналып коюлган эстеликтин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

Эстеликтин ачылышына Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору, КРдин эл артисти Кыргызбай Осмонов, КРдин эл артисти Сардарбек Жумалиев, КРдин эл артисти Саламат Садыкова, КРдин эл артисти Келдибек Ниязов, Асанкул Шаршенов менен чогуу иштеген кесиптеши Төлөнбек Итигулов, кызы Айнура Шаршенова жана Орок айыл аймактын тургундары катышты.

Салтанаттуу эстеликтин ачылышын Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбек Адылбеков куттуктоо сөз менен ачып, андан соң Асанкул Шаршеновдун арбагына багышталып куран окулду.

  • Асанкул Шаршенов 1927-жылы Сокулук районуна караштуу Жал айылында туулган. Мектепти бүткөргөндөн кийин ар кайсы кесипти аркалап жүрүп, 1949-жылы Фрунзе шаарындагы Муратаалы Күрөңкеев атындагы Музыкалык-хореографиялык окуу жайына вокал бөлүмүнө тапшырган. 1950-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын хоруна солист болуп орношкон.1962-жылдан тартып филармониянын юмор жана сатира жанрынын артистигине өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE