Пример HTML-страницы

Сокулукта 16 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 29-апрелде Сокулук районуну Военно-Антоновка айылында темир жолдун четинен жаш баланын жансыз денеси табылды.

Маалым болгондой, куткаруучуларга ал жерде жаш баланын денеси жатат деген маалымат түшкөн. Ал жерге ыкчам тергөө тобу барып, каза болгон жигит 2006-жылы туулган К.Р. экендиги такталды. Учурда анын өлүмү боюнча экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Алдын ала маалыматка караганда, мурда бала менен классташтарынын ортосунда чыр болгон. Ал 9-класста окуп жаткан. Анын ата-энеси ажырашып кетип, таятасынын үйүндө жашап жүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE