Пример HTML-страницы

Шамалды-Сайдын тургундары кайрадан чогулду. Алар Министрлер кабинетинен жооп күтүп жатышат (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

Turmush17-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай шаарчасынын тургундары кайрадан шаар макамын берүү талабы менен чогулушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Акыркы каттоо боюнча, Шамалды-Сай шаарчасында 12 миң 503 адам жашайт. Шамалды-Сай калктуу конушу Үч-Коргон ГЭСнин курулушунун алкагында пайда болгон. Ал эми 1947-жылы шаар тибиндеги кыштак макамын алган. 2009-жылга чейин шаарча айыл өкмөт болуп, өзүнүн бюджети жана кеңеши болгон. Ошол жылдан тарта Таш-Көмүр шаарынын курамына кошулган.

Жергиликтүү тургундар Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгып, райондук маанидеги шаар статусун алуу боюнча бир нече жолу кайрылуу жасап, атайын жумушчу топ түзүлүп, анын жыйынтыгы тууралуу калкка маалыматтар берилгенин Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты Асылбек Жумаев билдирди. Анын айтымында, шаарчанын өз алдынча шаар статусун алууга толук дарамети жетет.

«Буга чейин өлкө башчыбыз Садыр Жапаров Шамалды-Сай шаачасына жасаган иш сапарында эл менен жолуккан учурда макам маселесин чечип берүүнү өтүнгөнбүз. Анда президент бул сунуш караларын айткан. Андан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевдин Аксы районуна жасаган иш сапарында да ушул маселе көтөрүлгөн. Анда да төрага бул сунуш караларын айткан. Апрель айында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев райондорду кыдырып, элдин маселеси менен жеринен таанышкан учурда да биз бул маселени көтөрүп чыкканбыз.

Андан көп өтпөй ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу менен жумушчу топ түзүлүп, мониторинг жүргүзүлгөн. Ал жумушчу топтун курамында жергиликтүү кеңештин депутаты катары мен да болгом. Ошол учурда Шамалды-Сай шаарчасынын калкы 12 миң 503 адам болчу. Ал эми шаарчага Теңдик айылынын 4378 калкын жана административдик аймагын кошсок, жалпы калктын саны 16881 кишини түзөт экен. Мамлекеттик салык кызматынын Таш-Көмүр шаардык бөлүмүнүн берген маалыматына таянсак, өткөн 2022-жылы шаарча 30 млн сомдон ашуун салык төлөгөн экен. Бирок ошол жылдардан бери Таш-Көмүр шаарынын бийлиги Шамалды-Сай шаарчасынын инфраструктурасын жакшыртууга анчейин маани бербей келет. Эгер биздин шаарча өз алдынча шаар статусун алса, анда 30 млн бюджет менен бир катар иштерди алып барса болот. Жумушчу топ түзүлгөн учурда экономикалык мониторинг жүргүзүү үчүн райондук маанидеги Көк-Жаңгак шаары менен салыштырган. 12 миң 300дөн ашык калкы бар шаарга салыштырганда биздин шаарчанын өз алдынча шаар статусун алып, иш алып кетүүгө толук дарамети жетери айтылды. Жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы тиркелип, Министрлер кабинетине жөнөтүлгөн. Бирок ушул мезгилге чейин жооп келе элек», — деди жумушчу топтуп мүчөсү, жергиликтүү кеңештин депутаты Асылбек Жумаев.

Буга чейин шаар макамын алуу талабын көтөрүп чыккан активисттер шаарчанын тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөндө көпчүлүк макул болгонун айтышкан.

Чогулган жүздөй жашоочунун арасында Теңдик айылынын 65 жаштагы тургуну Бурулкан Мурзабекова да бар. Ал азыркы тапта болуп жаткан ыңгайсыздыктар тууралуу айтып берди.

«Көп жылдардан бери Теңдик айылында жашайм. Административдик аймагы боюнча Таш-Көмүр шаарына караган менен шаар борборунан 15-20 чакырымдай алыс аралыкта жайгашканбыз. Бир документти бүтүрүү үчүн шаардын борборуна барасың. Айылда малды жайлап барганча түш болот. Кезек күтүп жатып кеч кирет да көздөп барган жумушуң бүтпөй, бир канча күнгө созулат. Мындай көрүнүш бир эле Теңдик айылында эмес, Шамалды-Сай шаарчасында да кезигип келет. Албетте, мындай учурда убактың кетет, экинчиден акчаң кетет, ары-бери такси менен барасың, түшкү чайың. Эгер Шамалды-Сай шаарчасына шаар макамы берилсе, шаардын курамына кирүү бизге да жеңил болмок. Себеби Таш-Көмүргө караганда Шамалды-Сайга жакынбыз, анчейин убаракерчилик болмок эмес. Ал эми салыкка келсек, андан өзгөрүү деле болбойт, ушунча жылдан бери салыкты шаардык тарифиндей эле төлөп келип, көнүп кадык», — дейт Мурзабекова.

Ал эми жумушчу топко төрагалык кылган президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Абдыкахар Рахманов ушул тапта Министрлер кабинетинен жооп күтүп жатышканын айтты.

«Шамалды-Сай аймактык башкармалыгына өзүнчө шаар макамын алуу маселеси боюнча экономикалык мониторинг жүргүзүүгө 6-апрель күнү ыйгарым укуктуу өкүлдүн №78-б буйругунун негизинде иш алып барганбыз. Анда 11 кишиден турган жумушчу топ бардык критерийлер боюнча текшерип, Көк-Жаңгак шаары менен салыштырып чыкканбыз. Менин баамымда, Шамалды-Сай шаарчасынын райондук маанидеги шаар статусун алууга потенциялы жетет. Тактап айтканда, шаар мэриясынын аппаратын түзүп, иш алып кетүүгө болот. Бирок шаар болгон соң көрктөндүрүп, жашылдандырууга көңүл бөлүү абзел. Жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү иш кагаздар Министрлер кабинетине жиберилген. Ушул тапта жоопту күтүп турабыз. Аймактык реформанын алкагында Шамалды-Сайга шаар макамы берилип калуусу мүмкүн. Биз тараптан бардык жумуштар аткарылды», — деди ал.

————————————————

2023-жылдын 4-апрелде президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган бийлик өкүлдөрү Шамалды-Сай шаарчасынын жашоочулары менен жолугушкан.

Президенттин облустагы өкүлүн Шамалды-Сай шаарчасынын тургундары шаарчага шаар макамын берүү талабы менен тосуп алышкан. Алар колдоруна «Элдин талабы — шаар статусу!», «Шаарчанын статусу — шаарчанын келечеги!» деген чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышкан болчу.

Президенттин Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү шаар статусу боюнча облустук комиссия түзүлөрүн, аймактык-административдик реформа алкагында шаар макамы берилип калышы мүмкүн экенин айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE