Пример HTML-страницы

Сүрөт — Өзгөндө жер алдында жашынып жаткан баалуу буюм чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн шаарында бийиктиги 1 метр 75 сантиметрди түзгөн хум табылды. Бул тууралуу археологиялык топтун мүчөсү Турарбек Абдырахманов билдирди.

Анын айтымында, табылга Өзгөн архитектуралык-археологиялык музей комплексине жеткирилген.

«Улуттук илимдер академиясынын өкүлү Марс Боронбаев жетектеген археологдор иштеп жатабыз. Атайын ачык кагаз алып, казуу иштери жүрүп жатат. Казуу иштери башталганына 5-6 күн болду.1-март күнү 2,5 метрлик тереңдиктен биздин заманга чейинки VII-IV кылымдагы хум табылды. Толугу менен бүтүн чыкты. Бул табылганы Өзгөн архитектуралык-археологиялык музей комплексине жеткирдик. Ошол жерден жууп тазалоо, изилдөө иштерин жүргүзөбүз. Казуу иштери дагы уланат. Муну менен катар Шоро-Башат маданиятына таандык карапа идиштин сыныктары табылып жатат. Өзгөн шаарын айланып өткөн жол, тарыхый Кызыл-Октябрь деген аталыштагы эски шаардын жанынан өткөндүгүнө байланыштуу археологдор казуу иштерин жүргүзүүдөбүз.

Алдыда дагы көп жаңылыктар болушу мүмкүн. Хумдун бийиктиги 1 метр 75 сантиметр, туурасы 1 метр 30 сантиметр. Учурда 4 археолог 20 жумушчу иш алып бара жатат», — дейт Турарбек Абдырахманов.

Маалым болгондой, президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 20-декабрында, «Өзгөн шаарынын айланасында айланма унаа жол куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анда Ош-Бишкек унаа жолунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкесинде жол кыймылынын көптүгүнөн, айланма жол куруу зарылдыгы келип чыкканы белгилеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE