Пример HTML-страницы

Россиядагы кырсыктан мерт кеткен Нуртилек акыркы сапарга узатылат

Акыркы жанылыктар

TurmushРоссиядагы унаакырсыктан каза болгон 26 жаштагы Арыстанбек уулу Нуртилек бүгүн, 24-августта Баткен районунун Чек айылында акыркы сапарга узатылат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маркумдун досу Анибарбек уулу Айбектин айтымында, Баткен районунун Дара айылында төрөлгөн. Досу менен 1 жума мурда сүйлөшкөн.

«Мектепте эң алдыңкы, үлгүлүү окуучу болчу. Жаңырык айылында Ж.Эркебаев орто мектепте бирге окуганбыз. Мектепти аяктагандан кийин эле Россияга кеткен. Ошондон бери эле келип кетип миграцияда жүрөт. Алдыда жер алып, үй салып кийинки жылы үйлөнөм деп жүргөн. Бирөөгө катуу сүйлөп көңүл оорутпаган, досторунан жардамын аябаган бала эле. Акыркы жолу 1 жума мурда сүйлөшкөн элек. Ажал алып кетти… Жайы жаннаттан болсун», — деди ал.

Маркумдун бөлөсү Жумабай Тажикул уулу ал 3 уул, 3 кыздын улуусу болгонун айтты.

«Нуртилек өтө жөнөкөй, бирөөгө катуу айтпаган адам эле. Жаш кезибизден бир айылда чогуу ойноп, чогуу бир мектепте окуп чоңойгонбуз. Чогуу жүрүп бирөөгө катуу сүйлөгөн сөзүн, жаман мүнөзүн байкаган эмесмин. Жакшы бала эле. Таш боор ажал алып кетти. Акыркы жолу туура 1 ай мурда чалып сүйлөшсөм «буйруса күзүндө барам» деп айткан болчу», — деди ал.

Нуртилекти акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн саат 15:00дө өтөт.

Окуя тууралуу:

21-августта Россиянын Ульяновск облусунун Николаев районунда жол кырсыктын кесепетинен 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14 киши — Кыргызстандын жарандары болчу. Андан тышкары 3 кыргыз жараны оор абалда ооруканага жеткирилген.

Самара шаарынан Москвага бара жаткан кичи автобуста 19 адам бар болчу. Россиянын Ички иштер министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, кичи автобустун айдоочусу оңдолуп жаткан жолдон өтүү үчүн өз кезегин күтүп турган. Ошол учурда кичи автобусту аркасынан жүк ташуучу унаа сүзгөн.

Кечээ, 23-августта саат 17:20 чамасындагы каза болгон 14 жарандын сөөгү жүктөлгөн учак Ош шаарындагы аэропортко конгон.

Каза болгон жарандар:

1. Абдулхамид уулу Жакыпбек — 1990-жылы 20-августта Араван районунун Гүлбаар айылында туулган;

2. Бекмурзаева Диана Акылбековна — 1998-жылы 4-сентябрда Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагына караштуу Муркут айылында туулган;

3. Кутманали уулу Сыймыкбек — 1999-жылы 22-июлда Араван районунун Гүлбаар айылында туулган;

4. Сулайманова Уулкан Хакимовна — 1976-жылы 15-октябрда Кара-Суу районунун Кенжекул айылында туулган.

5. Жуманалиев Шекербек Аманалиевич — 2000-жылы 24-апрелде Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында туулган;

6. Мусабаева Элнура Турганбаевна — 1980-жылы 1-ноябрда Жалал-Абад шаарында туулган;

7. Ормонбек кызы Алина — 1995-жылы 22-январда Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма айылында туулган;

8. Турсуналы уулу Адилет — 1999-жылы 5-октябрда Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында туулган;

9. Каныбек уулу Азиз — 1976-жылы 13-январда Сузак районунун Ленин айыл аймагына караштуу Жыгач-Коргон айылында туулган.

10. Абдуллаева Ойгул Гани кизи — 1991-жылы 29-мартта Кадамжай районунун Марказ айылында туулган;

11. Акылбек уулу Майрамбек — 1997-жылы 27-декабрда Кадамжай шаарында туулган;

12. Кожомбаев Каныбек Мухамадзакирович — 1986-жылы 12-октябрда Кадамжай районунун Марказ айылында туулган;

13. Арыстанбек уулу Нуртилек — 1996-жылы 24-октябрда Баткен районунун Табылгы айылында туулган.

14. Ирисбаев Алмазбек —1978-жылы 11-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунда туулган.

Ооруканага жеткирилген жарандар:

1. 1981-жылы 23-апрелде туулган Алибаева Айгүл;

2. 2001-жылы 18-июнда туулган Бекназар уулу Сыймык;

3. 1993-жылы 13-ноябрда туулган Абдусалим уулу Таалайбек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE