Пример HTML-страницы

Президенттин Таластагы өкүлүнүн биринчи орун басары Канимет Осмонбеков кызматтан кетүүнү чечти

TurmushПрезиденттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Осмонбеков Канимет Бийзакович кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазды.

Аймактык кабарчы билдиргендей, мындай чечимге Канимет Осмонбеков башка кызматка дайындалганы себеп болгон.

  • К.Осмонбеков аталган кызматка 2018-жылдын февраль айында дайындалган.

  • Ал ошондой эле Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп иштеген.

Арыз боюнча чечимди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кабыл алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE